Аймак

ФЕРГАНАНЫН БАШЧЫСЫ КОЛ АЛДЫНДАГЫЛАРДЫ ЖҮЗДӨГӨН УЯТ СӨЗДӨР МЕНЕН УРУШТУ

ФЕРГАНАНЫН БАШЧЫСЫ КОЛ АЛДЫНДАГЫЛАРДЫ ЖҮЗДӨГӨН УЯТ СӨЗДӨР МЕНЕН УРУШТУ

 643 Бардыгы /

«Азаттыктын» өзбек кызматы Фергана шаардык акимчилигинде өткөн кеңешме учурунда жаздырып алынган аудиону жарыялады. Анда катышуучуларга карата ыпылас сөздөрдү айтып жаткан эркек кишинин үнүн угууга болот.

Аудионун авторлору ал үн Фергана шаарынын башчысы Хамид Хабибиддиновго таандык экенин билдиришүүдө.

Дээрлик 30 мүнөткө созулган аудиожазууда калаа башчыга таандык делген үн Турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын жетекчиси Алишер Муминовду тилдеп, анын дарегине жүздөн ашык ыпылас сөздөрдү айткан. Мындан тышкары ал аталган башкармалыктын башка кызматкерлерин дагы уят сөздөр менен урушкан.

Алишер Муминов кеңешмеде шаар башчысы чынында эле аны уят сөздөр менен урушуп, бир нече күндөн кийин жумуштан кетүү тууралуу арыз жазууга мажбурлаганын ырастады. Муминовдун айтымында, Хабибиддинов аны мыйзамсыз буйруктарын аткаруудан баш тарткандыгы үчүн жазалоону чечкен.

Ал ортодо Турак-жай-коммуналдык чарба башкармалыгы менен шаардык акимчиликтин бир нече кызматкери аудиожазуудагы үн чынында эле Фергана шаарынын башчысы Хамид Хабибиддиновго таандык экенин ырасташты.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17