Аймак

НАЗАРБАЕВ ШАЙЛООЛОР ӨЗ УБАГЫНДА ӨТӨРҮН АЙТТЫ

НАЗАРБАЕВ ШАЙЛООЛОР ӨЗ УБАГЫНДА ӨТӨРҮН АЙТТЫ

 914 Бардыгы /

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев азыркы бийликке каршы чыккандарды сындады.

Нурсултан Назарбаев 21-августта өткөн «Нур Отан» партиясынын саясий кеңешинин жыйынында «бардык шайлоо» убагында болорун айтып, парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүнү сунуштап жаткан «айрым оппоненттерге» жооп кайтарууну тапшырды.

«Айрым оппоненттер жана блогерлер мажоритардык системага кайтып, мөөнөтүнөн мурда параменттик шайлоону өткөрүүнү сунуштап жатканын угуп жатабыз. Бүгүн мындай билдирүүлөргө жооп кайтаруу керек. Негизделген аргументтери жок. Баягыдай эле ой-толгоолор», – деди Назарбаев.

Конституция боюнча паламенттин төмөнкү палатасына шайлоо 2021-жылы өтөт. Мажилистеги 107 депутаттын 98и партиялык тизме менен, тогузу – Назарбаев жетектеген Казакстан элдеринин ассамблеясы тарабынан шайланат.

Азыркы мажилистеги 84 мандат Назарбевдин партиясына таандык. Парламентте бийликчил дагы эки партия бар.

Казакстанда 2005-жылы гана президенттик шайлоо өз учурунда өткөн. Калган шайлоолордун баары белгиленген мөөнөттө болгон эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17