Аймак

ТҮРКМӨНСТАНДА 18 ЖАШТАГЫ ЖООКЕР КАЗА БОЛДУ

ТҮРКМӨНСТАНДА 18 ЖАШТАГЫ ЖООКЕР КАЗА БОЛДУ

 670 Бардыгы /

20-августта Түркмөнстандын Балканабад шаарындагы аскердик бөлүктө кызмат өтөп жаткан Овезали Экаев аттуу 18 жаштагы жоокер каза болду. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

Басылманын аймактык кабарчысы билдиргендей, жоокердин сөөгү ошол эле күнү ата-энесине өткөрүлүп берилген.

«Жоокердин сөөгү 20-августта кечке жакын жерге берилди. Жакындарына анын өлүмүнүн себептери тууралуу эч нерсе айтылган жок. Сөөктү жеткирип келген аскер комиссариатынын өкүлдөрү менен полиция кызматкерлери жакындарынан бул окуя боюнча эч кимге маалымат бербөө тууралуу тил кат жаздырып алышты», — деп билдирди кабарчы.

Анын айтымында, туугандары маркумдун денесинде шишиктер болгонун айтып, ага зомбулук көрсөтүлгөн болушу мүмкүн деп эсептешүүдө.

Экаев акыркы бир ай ичинде Түркмөнстандын куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөп жатып каза болгон экинчи жоокер болуп калды.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17