Аймак

ЛЕЙЛЕКТЕ БИР ТОННА КАРА КУУРАЙ ӨРТТӨЛДҮ

ЛЕЙЛЕКТЕ БИР ТОННА КАРА КУУРАЙ ӨРТТӨЛДҮ

 763 Бардыгы /

БАТКЕН. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү милиция кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда мыйзамсыз өстүрүлгөн кара куурайды өрттөп жок кылып жатышат.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянсак, аймакта МАК-2019 операциясынын экинчи этабы ырааттуу түрдө улантылууда. Акыркы күндөрдө Лейлек районуна караштуу Катраң айылынын Дам-Арык тилкесинде бир тонна жапайы кара куурай өрттөлдү.

Айтмакчы, буга дейре Лейлек районунда эки тонна кара куурай жергиликтүү тургундар тарабынан жыйналып өрттөлгөн эле.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы            

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17