Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЛКӨНҮН КАРЖЫ ИНСТИТУТТАРЫН АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЛКӨНҮН КАРЖЫ ИНСТИТУТТАРЫН АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮНҮН КЫЙМЫЛДАТКЫЧЫ БОЛУУГА ЧАКЫРДЫ

 686 Бардыгы /

БИШКЕК. Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун (РКӨФ) төрагасы Эркин Асрандиевди, «Кепилдик фонд» ААК төрагасы Малик Абакировду, «Айыл Банк» ААК төрагасы Бактыбек Шамкеевди жана «РСК Банк» ААК төрөгасы Азизбек Оморкуловду бир эле мезгилде кабыл алды.
Адегенде өлкөбүздүн каржы институттарынын жетекчилери өткөн жылдын жети айынын аралыгындагы долбоорлорду каржылоонун көлөмү жана жеңилдетилген насыяларды берүү жөнүндө кенен-чонон маалыматты беришти.
Маселен, Орусия-Кыргыз Өнүктүрүү Фонду жети айда 4,5 миллиард сомдук 369 долбоорду каржылаган, бул 2018-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Насыялардын 60 пайыздан ашыгы өлкөбүздүн аймактарына багытталган. Мындан тышкары Эркин Асрандиев кичи жана орто бизнестин субьектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо жана сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү боюнча Программалардын ишке киргизилгени жөнүндө дагы кошумчалады.
Ал эми «Айыл Банк» 2019-жылдын 7 айында 7,7 миллиард сом өлчөмүндө 34757 насыя берип, насыялардын саны 2520га өстү.  Аймактарга жалпысынан насыялардын 72 пайызы берилди.
«РСК Банк» отчеттук мезгилде 4,8 миллард сом өлчөмүндө 6908 насыя таратты. Насыялардын саны 844кө өстү. Мунун ичинде өлкөнүн аймактарына берилген насыялардын көлөмү көбөйүп, жалпысынан 2,6 миллиард сомду жана 74 пайызды түздү.
Мындан тышкары кепилдик фонду 2019-жылдын 7 айдын жыйынтыгы боюнча 469 миллион сом өлчөмүндө 264 кепилдик берген. Бул 2018-жылга караганда 198 миллион сомго арбын. Өсүш 173 пайызды түздү. Кепилдиктердин эсебинен Банктардын берген насыялары 1,4 миллиард сомду түзүп, былтыркыга караганда 156 пайызга өстү.
Президент Сооонбай Жээнбеков аймактардагы  ишкерлерди, экспортко багытталган ишканаларды активдүү колдоону мындан ары дагы улантуу, жаңы ишкерлердин «старт-ап» долбоорлорун каржылоо, санарип технологиялар аркылуу кыска убакытта насыяларды тез берүүнү камсыз кылуу керектигин дагы бир ирет баса белгиленди.                                                                                                                                                                             Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү максатында калк тарабынан өндүрүлгөн продукцияларды — сүт, эт, тери, жүн, жер-жемиштер жана башка өсүмдүктөр продукцияларын сатуу, жаңы жумуш орундарын түзүү жана миграцияны кыскартуу үчүн кайра иштетүүчү ишканаларды түзүүгө жана жайылтууга каржылык ресурстарды жана мүмкүнчүлүктөрдү багыттоо зарылдыгына дагы бир жолу өзгөчө көңүл бурду.
– Бул чаралардын бардыгы аймактарды өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясаттын алкагында гана ишке ашырылып жатат. Өлкөбүздүн негизги каржы институттары болгон Сиздер аймактардын, айылдарыбыздын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы болуп эсептелесиздер. Аймактык ишкерлерди колдоп, алардын долбоорлорун активдүүрөөк каржылагыла! — деп чакырды Президент Сооронбай Жээнбеков.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17