Аймак

«KAZAKH EXPORT» АКСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧУУ МАКУЛДАШЫЛДЫ

«KAZAKH EXPORT» АКСЫНЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮН АЧУУ МАКУЛДАШЫЛДЫ

 621 Бардыгы /

НУР-СУЛТАН. Нур-Султан шаарында «С5+1» форматында жогорку деңгээлдеги жыйынга катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh Export» АКсынын Башкармалыгынын Төрагасы Руслан Искаков менен жолугушту. Анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды мындан ары өнүктүрүү маселелери дагы талкууланды.

Кыргыз Өкмөтүнүн мүчөсү Чыңгыз Айдарбеков ынак кошуналык, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк рухунда өнүгүп жаткан Кыргыз-Казак мамлекеттер аралык мамилелер жөнүндө кыскача баян этти. Экспортко багытталган өндүрүштү өнүктүрүүгө, даяр продукцияны башка өлкөлөргө экспорттоо үчүн биргелешкен ишканаларды түзүүгө маектешүү үчүн өз калоолорун ачык билдиришти.
Өз кезегинде Айдарбеков «Kazakh Export» АКсынын Башкармалыгынын Төрагасы Руслан Искаков «Kazakh Export»тун учурдагы ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берди. Ошондой эле өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүкүтүрүүгө даярдыгын дагы ачыктады.
Соңунда тараптар 2019-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасында «Kazakh Export» АКсынын Өкүлчүлүгүн ачууну макулдашышты.

Алишер Токсонбаев, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17