Аймак

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИСТТИК КЕЛЕЧЕГИ ЖӨНҮНДӨ КӨРГӨЗМӨ ӨТКӨРҮЛДҮ

КЫРГЫЗСТАНДЫН ТУРИСТТИК КЕЛЕЧЕГИ ЖӨНҮНДӨ КӨРГӨЗМӨ ӨТКӨРҮЛДҮ

 914 Бардыгы /

МАЛАЙЗИЯ. Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин кызматкерлери тарабынан Малайзиянын алдыңкы он туристтик компанияларынын өкүлдөрүн чакыруу менен Кыргызстандын туристтик келечектүүлүгү туурасында көргөзмө өткөрүлдү.
Көргөзмөнүн жүрүшүндө туристтик агенттиктерге Кыргызстандын маданияты жана тарыхы, туризмдин жайкы жана кышкы түрлөрү, ошондой эле Малайзиянын жана Малайзиянын аймагында жашаган башка мамлекеттердин жарандары үчүн Кыргыз Республикасынын аймагына кирүү үчүн визалык шарттар жөнүндө так маалымат берилди. Мындан тышкары жаратылыш, Кыргызстандын ажайып кооз жерлери жана Кыргыз элинин салттары жана Бүткүл Дүйнөлүк Оюндары жөнүндө видео роликтер көрсөтүлдү.
Көргөзмө маалында Элчилик тарабынан улуттук тамак-аштар менен фуршет уюштурулду. Ошондой эле жогоруда көрсөтүлгөн иш-чарада Малайзиянын аймагында он беш жылдан бери жашап  жана малайзиялыктардын Кыргызстанга тааныштыруучу туристтик сапарларды уюштуруп келген Кыргыз Республикасынын жараны Зейнеп Дүйшөнова жигердүү катышты.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17