Аймак

КЫРГЫЗ АДИСТЕРИ «KАZAKH INVEST» АКСЫНДА СТАЖИРОВКАДАН ӨТҮШӨТ

КЫРГЫЗ АДИСТЕРИ «KАZAKH INVEST» АКСЫНДА СТАЖИРОВКАДАН ӨТҮШӨТ

 636 Бардыгы /

НУР-СУЛТАН. Нур-Султан шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Kazakh invest» АК Башкармалыгынын Төрагасы Бауржан Сартбаев менен жолугушту.

Анда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү  маселелери катуу талкууланды.
Чыңгыз Айдарбеков саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдөгү Кыргыз-Казак кызматташтыгынын өнүгүүсүнүн оң  динамикасын баса белгилеп, Кыргызстандын аймагында инвестицияны кеңейтүүгө чакырды.
Соңунда «Kazakh invest» АК Башкармалыгынын Төрагасы Бауржан Сартбаев инвестицияларды тартуу боюнча «Kazakh invest» АКнын ийгиликтүү тажрыйбасы жөнүндө баян этти. Ошондой эле биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча Кыргыз тарабы менен кызматташууга кызыкдарлыгын жана тажрыйба алмашууга, Кыргыз адистери үчүн стажировка уюштурууга даярдыгын дагы кошумчалады.

Aлишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17