Аймак

КРЕМЛЬ ӨЗӨКТҮК РАКЕТАСЫН СЫНООДОН ӨТКӨРГӨНҮ ҮЧҮН АКШга ЖООП КАЙТАРАТ

КРЕМЛЬ ӨЗӨКТҮК РАКЕТАСЫН СЫНООДОН ӨТКӨРГӨНҮ ҮЧҮН АКШга ЖООП КАЙТАРАТ

 626 Бардыгы /

Владимир Путин Финляндиядагы сапары учурунда канаттуу ракетасын сынаган АКШны сынга алды.

21-августта Путин Хельсинкиде журналисттер менен жолуккан учурда негизинен Орусиядагы азыркы кырдаал, эл аралык маселелер жана талаштар сөз болду.

Орусия менен Финляндия преизденттери биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында орус лидери Кошмо Штаттар тарабынан өзөктүк келишимде тыюу салынган ракетанын сындодон өтүшү жаңы коркунучтарды жаратканын, бул аракет Кремлден жооп талап кыларын билдирди.

18-августта Пентагон жерде атылган жаңы канаттуу ракетасын сынаганын маалымдаган. Ал 500 чакырым алыстыктагы бутаны жок кылууга кудуреттүү.

Буга чейин АКШ Советтер Союзу менен 1987-жылы кол коюлган Орто аралыктагы өзөктүк күчтөр тууралуу келишимден улам 500 чакырымдан 5 500 чакырымга чейин уча турган ракеталарды иштеп чыга албай келген. Вашингтон аталган келишимден быйыл 2-августта чыгып, бул чечимин Орусия көптөгөн жылдардан бери эки тараптуу макулдашуунун шарттарын бузуп келгендиги менен түшүндүргөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17