Аймак

WALL STREET JOURNAL: АКШ МЕНЕН ВЕНЕСУЭЛА БИЙЛИГИ ЖАШЫРУУН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

WALL STREET JOURNAL: АКШ МЕНЕН ВЕНЕСУЭЛА БИЙЛИГИ ЖАШЫРУУН СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮ ЖҮРГҮЗҮҮДӨ

 728 Бардыгы /

Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттар жана башка ондогон өлкөлөр тарабынан таанылбаган Венесуэла президенти Николас Мадуронун айланасындагы кишилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө баштады.

Иш-чаранын максаты – Мадурону бийликтен кетирүүгө шарт түзүү, өлкөдө эркин шайлоо өткөрүү экени айтылууда.

Бул тууралуу шаршембиде The Wall Street Journal гезити сүйлөшүүлөргө катышкан венесуэлалык булактарына таянуу менен жазды.

Трамптын администрациясы өткөрүп жаткан сүйлөшүүлөргө конституциялык ассамблеянын башчысы,Венесуэла парламентинин мурдагы төрагасы Диосдадо Кабельо тартылган. Ал буга чейин маңзат аткезчилигине шектелип, Американын санкциясына илинген. Сүйлөшүүлөр өлкөдөгү саясий каатчылыкты тынчтык жол менен чечүү үчүн өткөрүлүүдө.

Кабельо жана башкалар өлкөдө калып, коопсуздугу үчүн тынчсызданбоо максатында америка жана эл аралык кепилдиктерге ээ болууну көздөшүүдө.

АКШ администрациясы Мадуронун айланасындагы кишилер менен сүйлөшүп баштаганын шейшембиде Дональд Трамп өзү кыйтыкан. Кийинчерээк бул маалыматты Николас Мадуро да тастыктаган.

The Wall Street Journal гезитинин билдиришинче, Трамптын администрациясы Николас Мадурону отставкага кетирүү үчүн бул жараянга Венесуэладагы башка бийлик борборлорун да тартууга аракет жасоодо.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17