Аймак

КАРАМУШКИНАНЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛЫП, ҮЙ КАМАГЫНА АЛЫНДЫ

КАРАМУШКИНАНЫН БӨГӨТ ЧАРАСЫ КАРАЛЫП, ҮЙ КАМАГЫНА АЛЫНДЫ

 751 Бардыгы /

Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон депутаты, КСДПнын мүчөсү Ирина Карамушкинанын бөгөт чарасын карап, аны 8-октябрга чейин үй камагына чыгарды.

Депутатты үй камагына чыгаруу боюнча Башкы прокуратура өтүнүч киргизген. Сот ишти жабык карап, журналисттерди киргизген жок.

Мурдараак Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина Жазык кодексинин 244-беренеси («Барымтага алуу») жана 43-беренеси («Кылмышка катышуу») боюнча шек саналып жатканын кабарлаган. Башкы көзөмөл органы билдиргендей, Карамушкинага кылмышка шектүү катары маалымдама берилди.

Депутат өзү сот болор алдында атайын кызматтын өкүлдөрүн 20 сааттан ашуун убакыт кармап туруунун себебин «сыртка чыгарганда аларды токмоктоп салышы ыктымал эле» деп түшүндүрдү.

Карамушкина 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу күбө макамынан шектүү макамына өзгөртүлгөнүн өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан эле. Ал мындай аракетти укуктук башаламандык жана бийликтин чектен чыккандыгы катары баалаган.

Ирина Карамушкина – 2007-жылдан бери Жогорку Кеңештин депутаты. Ал мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын санаалаштарынын бири. Ал 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын учурунда Кой-Ташта болгон.

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Мындан сырткары Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17