Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА 2020-ЖЫЛДАН ТАРТА НАСЫЯНЫ РУБЛЬ МЕНЕН ТӨЛӨӨГӨ УРУКСАТ БЕРИЛЕТ

ӨЗБЕКСТАНДА 2020-ЖЫЛДАН ТАРТА НАСЫЯНЫ РУБЛЬ МЕНЕН ТӨЛӨӨГӨ УРУКСАТ БЕРИЛЕТ

 1,073 Бардыгы /

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон жарлыкка ылайык, 2020-жылдан тарта эмгек мигранттары өзбек суму менен алган насыяларын орус рубли менен төлөөгө мүмкүнчүлүк алышат.

Бул тууралуу 22-августта Өзбекстан Юстиция министрлиги билдирди.

Төлөм “Азия инвест банк” жана башка орусиялык өнөктөш банктар, анын ичинде электрондук төлөм системасы аркылуу жүргүзүлөт.

2020-жылдан тарта турак-жай шартын жакшыртууну каалаган Өзбекстандын эмгек мигранттарына көп кабаттуу үйлөрдөн 3 462 батир насыяга берилет.

Өзбекстандын калкы 33 миллионду түзөт, 19 миллиону эмгекке жарамдуу жаран. Алардын ичинен 5,6 миллиону Орусияда иштейт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17