Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
2,051 Бардыгы / Ош шаарындагы легендарлуу 12-кесиптик лицей акыркы жылдарда заман талабына ылайык тың адистерди гана кыска мөөнөттө белендегенге абдан бекем ыктады. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдү Кыргызстандан эле эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы байма-бай жолуктурасыз. Андыктан, аталган лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВду иш үстүндө капы-тапыл кепке тарттык. – Бакалбай мырза, ыркыраган рынок талабына туруштук бере […]
2,052 Бардыгы / Ош шаарындагы легендарлуу 12-кесиптик лицей акыркы жылдарда заман талабына ылайык тың адистерди гана кыска мөөнөттө белендегенге абдан бекем ыктады. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдү Кыргызстандан эле эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы байма-бай жолуктурасыз. Андыктан, аталган лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВду иш үстүндө капы-тапыл кепке тарттык. – Бакалбай мырза, ыркыраган рынок талабына туруштук бере […]
БАКАЛБАЙ КАЛМАМАТОВ: “БИЗДИН ЛИЦЕЙДИ БҮТҮРГӨНДӨРГӨ ЖУМУШ ОҢОЙ ТАБЫЛАТ”
26.08.2019 / Автор aymak2,053 Бардыгы /
Ош шаарындагы легендарлуу 12-кесиптик лицей акыркы жылдарда заман талабына ылайык тың адистерди гана кыска мөөнөттө белендегенге абдан бекем ыктады. Бул окуу жайын бүтүргөндөрдү Кыргызстандан эле эмес Европа өлкөлөрүнөн дагы байма-бай жолуктурасыз. Андыктан, аталган лицейдин директору, педагогика илимдеринин кандидаты Бакалбай КАЛМАМАТОВду иш үстүндө капы-тапыл кепке тарттык.
– Бакалбай мырза, ыркыраган рынок талабына туруштук
бере албастан көптөгөн кесиптик-техникалык окуу жайлары (КТОЖдор) биротоло жоюлуп кетпедиби. А Сиздер бул атактуу 12-кесиптик лицейди деги кантип сактап калдыңыздар?
– Мунун анчалык деле сыры жок. Биз дагы эле Өкмөттүн
алдындагы Кесиптик билим берүү агенттигине карайбыз. Андыктан, адегенде жетекчилигибиз менен кеңешип-таңашып, анан дароо эле эмгек рыногуна ылайыкташкан кадрларды ыкчам жана абдан сапаттуу белендегенге өтө катуу кириштик.
– Маселен?
– Мисалы, Ош шаарындагы 12-кесиптик лицейде электр жана
газ ширетүүчүлөр, чач тарачтар, ашпозчулар, сантехниктер, слесарлар, электр жабдыктарын оңдоочу жана тигүүчүлөр үстөккө-босток даярдалат. Быягы Баткен, тиягы Жалал-Абад облустарынан, ал эми Ош облусунун бардык район-шаарларынан кыз-уландар биздин лицейде көбүрөөк билим алып жатышат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айтып коюуга тийишмин, 12-кесиптик лицейди бүтүрөндөргө жумуш оңой табылат.
– Кантип?
– Быйыл эле 260 окуучуну уябыздан учурдук эле. Баары тең
ушул тапта өздөрүнө ылайык иш таап кетишти. Биздин дипломубуз КМШ өлкөлөрүндө бүт жарактуу. Ал эми бүтүрүүчүлөрүбүз а түгүл тээтигил Европа мамлекеттеринде дагы абдан ийгиликтүү иштеп жатышат. Демек, биз белендеген адистерге азыркы эмгек рыногунун талабы абдан күч!
– Бакалбай мырза, дасыккан жетекчи сыңары Сиз
Кыргызстандын келечегин деги эмнеден көрөсүз?
– Байкап жаткандырсыздар, Кыргызстанда акыркы жылдарда
жеңил өнөр жайы жана курулуш тармактары бара-бара бутуна туруп, ыкчам түрдө өнүгүп баратат. Ага жараша өндүрүш дагы улам оожалуу жолунда. Демек, ушундай шарттарда биз даярдаган адистерге таңкыстык мындан дагы күчөйт. А биз ошол таңкыстыкты басаңдатуу үчүн гана иштемекчибиз.
Кепке тарткан: Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg Жолой ТИЛЛАЕВ: “НООКАТ ШААРЫ ДОТАЦИЯДАН БОШОНГОН!”
-
-
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.