Аймак

АНЖИЯНДЫН «СӨГҮНЧӨӨК» БАШЧЫСЫ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

АНЖИЯНДЫН «СӨГҮНЧӨӨК» БАШЧЫСЫ КЫЗМАТТАН АЛЫНДЫ

 1,179 Бардыгы /

Өзбекстандын Анжиян шаарынын башчысы Дильмурод Рахматуллаев кызматтан алынды. Бул тууралуу Kun.uz интернет-басылмасы өз булактарына таянып жазды.

Азырынча калаа башчысынын кызматтан кандай себептер менен алынганы белгисиз. Бирок ал буга чейин жергиликтүү бюджеттик мекемелердин биринин жетекчилерин тилдегендиги үчүн административдик жоопкерчиликке тартылган.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген анжияндык блогердин айтымында, жаңы калаа башчынын аты 26-августта айтылат.

Дилмурод Рахматуллаев Анжиян шаарынын башчысы кызматында 2016-жылдан бери иштеп келет. Бул аралыкта ал жергиликтүү мамлекеттик органдардын башчыларын жана маале өкүлдөрүн тилдеп жатканы жаздырылган бир нече аудиобилдирүүлөр жарыяланган.

Алардын алгачкысы 2017-жылы 21-ноябрда чыккан. Анда Рахматуллаев пахта теримге жетиштүү киши алып чыкпаган коллеждердин, академиялык лицейлердин директорлорун каарып, «айбан», «эшек», «чөө», «атаңа наалат» деп сөккөн.

Кийинчерээк өлкөнүн Башкы прокуратурасы Анжиян башчысынын бул аракеттеринде административдик укук бузуунун белгилери бар экенин билдирген. 2017-жылы декабрда анын иши сотко өтүп, 30 минималдык айлык акы өлчөмүндө (5 миллион сум же 650 доллар) айыппул төлөөгө милдеттендирилген.

Бирок өткөн жылы мындай жазага карабастан Рахматуллаев дале болсо кол алдындагы адамдарга карата жаман сөздөрдү айтуусун улантып жатканы кабарланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17