Аймак

ВИЦЕ-МЭР МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ЖЕМКОРЛУККА АРЫЗДАР БОЮНЧА ТЕКШЕРЕБИЗ ДЕП ЭСКЕРТТИ

ВИЦЕ-МЭР МЕКТЕП ДИРЕКТОРЛОРУН ЖЕМКОРЛУККА АРЫЗДАР БОЮНЧА ТЕКШЕРЕБИЗ ДЕП ЭСКЕРТТИ

 1,117 Бардыгы /

Ош шаарындагы балдарды бала бакчаларга жана мектептерге кабыл алуунун уюштуруу туурасындагы маселе агартуу мекемелеринин жетекчилери катышкан жыйында абдан катуу талкууланды.

– Мындан ары балдарды бала бакчаларга жана мектептерге кабыл алуудагы жемкорлук жышаандарына карата үзгүлтүксүз күрөшөбүз!  Ата-энелерден даттануу түшкөндө эле Ош шаардык мэриясынын алдындагы атайын комиссия дароо ишке киришет. Мында биз электрондук кезек системасын абдан дыкаат текшеребиз. Кокус тартип жана мыйзам бузгандар мыйзамга жараша жоопкерчиликке токтоосуз тартылат! – деди Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров.

Ушул тапта Ош шаарында 54 мектеп жана 41 бала бакча бар.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17