Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД КАЗЫЯТЫ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИН ӨТКӨРДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД КАЗЫЯТЫ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИН ӨТКӨРДҮ

 1,219 Бардыгы /

2019-жылдын  26-август күнү Жалал-Абад облусунун казыятынын жыйындар залында август кеңешмеси болуп өттү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун казыяты маалымдады.

Маалыматка ылайык, кеңешмеге казынын орун басары Алибек ажы Батыралиевдин жана казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороевдин ошондой эле облус аймагына караштуу диний окуу жайлардын мүдүрлөрү, окуу бөлүм башчылары катышты.

Кеңешмеде 2019-2020-окуу жылына карата даярдыктар, абитуриенттерди кабыл алуунун абалы, өткөн окуу жылында кетирилген кемчиликтерди жоюу, ачык сабактардын ырааттамасы, студенттердин коомдук жайларда жүрүм-туруму, билим сапаты, мугалимдердин чеберчилиги, өз билимин өркүндөтүүсү, иш кагаздарды тартипке келтирүү боюнча маселелер айтылды.

Мындан тышкары окуучулардан жана мугалимдердин бирдиктүү форма маселеси да талкууга алынып, кемчилиги бар, тапшырманы жана ырааттаманы өз убагында аткарбаган диний окуу жайдын мүдүрлөрүнө оозеки эскертүү берди.

Эске салсак, буга чейин казынын тапшырмасы менен казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев диний окуу жайларга бир жума бою рейдке чыгып абитуриенттердин кабыл алынышы, 2019-2020-окуу жылына карата даярдыктары боюнча жана имаратты оңдоп-түзөө боюнча жеринен таанышып келген болчу.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17