Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

ЖАЛАЛ-АБАД: АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ ӨТТҮ

 1,349 Бардыгы /

Бүгүн, 27-август күнү Жалал-Абаддагы Барпы театрында мектепке даярдык боюнча август кеңешмеси болуп өттү.

Ага Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору, мугалимдер катышты.

Анын алкагында 2018-2019-окуу жылындагы облустун жетишкендиктери, ийгиликтери тууралуу атайын видео ролик көргөзүлдү.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов мындай:

Бүгүн мугалимдердин августтук конференциясын өткөрдүк. Бул иш чарага район-шаарлардан келген өкүлдөр шаардын 4, Сузак районунун 1 мектептеринде болушту. Ал жерлерден тажрыйбалары менен бөлүшүп, талкуулашты. Былтыркы окуу жылынын көрсөткүчү менен бир топ ийгиликтерге жеттик. Бул бир гана район-шаарлардын билим берүү бөлүмдөрүнүн эмес, мектеп директорлору жана мугалимдеринин чымырканып иштегенинин натыйжасы”-дейт.

Андан соң Өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев сөз сүйлөп, мектептердин абалы, кемичилик жана жетишкендиктери тууралуу айтып өттү. Ал өзүнүн фондунан өткөн жылы мыкты көрсөткүч көрсөткөн мектептерге, бала-бакчаларга, мугалимдерге акчалай сыйлык ыйгарды.

Кошумчалай кетсек, Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлү өз фондунан 150 миң сом каражат бөлгөн.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17