Аймак

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ АКИМДИН ОРУН БАСАРЫНА ӨРТ КОЙГОН ИШКЕРДИН ИМАРАТЫН БЕКЕР ОҢДОП БЕРДИ

ӨЗБЕК БИЙЛИГИ АКИМДИН ОРУН БАСАРЫНА ӨРТ КОЙГОН ИШКЕРДИН ИМАРАТЫН БЕКЕР ОҢДОП БЕРДИ

 818 Бардыгы /

Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Яккабаг райондук акимчилиги жергиликтүү ишкер Бахриддин Исомовдун эки кабаттуу имаратын бекер оңдоп берди. Өткөн айда ал дүкөн жана тигүү цехи жайгашкан имаратын бузуу үчүн барган акимдин орун басары Мансур Туймаевге өрт койгон.

«Окуя болгон күнү ишкердин үйүндөгү буюмдары бүт көчөгө чыгарылган. Имараттын айрым жерлери бузулуп, түрттүрүүгө даярдалган. Бирок эртеси президенттин билдирүүсүнөн кийин имарат бузулбай калган. Эми акимчилик тигүү цехи жана дүкөн жайгашкан эки кабаттуу имаратты бекер оңдоп берди», — деп билдирди жергиликтүү тургундардын бири.

Бул окуядан кийин бийлик «Эски Яккабог» айылында жайгашкан башка дүкөндөрдү дагы түрттүрүү чечиминен баш тартты. «Азыр өтө эски дүкөндөр гана түрттүрүлүп жатат. Алардын ордуна жаңылары курула турганы айтылууда. Мындан тышкары жергиликтүү бийлик буга чейин бузулган дүкөндөрдүн ээлерине компенсация төлөп бере баштады», — деди жергиликтүү тургун.

​Яккабаг райондук акимчилигинин өкүлү жергиликтүү бийлик ишкер Исомовдун жарым-жартылай зыянга учураган имаратын бекер оңдоп бергенин ырастады. Бирок ал бул иштерге канча каражат кеткенин айткан жок.

«Мындан тышкары Исомовдун үй-бүлөсү менен жолуккан облус башчысы аларга компенсация төлөнүп бериле турганын айтты. Бардыгы мыйзамдуу жол менен чечилип жатат», — деди акимчилик кызматкери.

Быйыл 20-июлда Кашкадарыя облусунун Яккабаг районунда жергиликтүү ишкер насыяга курулган эки кабаттуу үйү менен цехин сактап калууга аракет кылып, акимдин орун басары Мансур Туймаевге бензин чачып, өрт койгон. Аткаминер ооруканага жеткирилип, ишкер камакка алынган.

Көп өтпөй район башчысынын орун басары Мансур Туймаевге каршы кызмат абалын кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле райондун акими менен прокурору кызматтан алынган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17