Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КАЗЫЯТЫ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН КАЗЫЯТЫ ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА КАРАТА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

 1,503 Бардыгы /

2019-жылдын 27-август күнү Жалал-Абад облустук казыяттын жыйындар залында жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун казыяты маалымдады.

Маалыматка ылайык, облус казысы Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Арпидин ажы Жороев облус аймагына караштуу окуу борборлордун жетекчилери менен биргеликте жыйын өткөрүлгөн.

Жыйында 2019-2020-окуу жылына карата даярдыктар, окуу борборлор аралык ачык сабактардын ырааттамасын түзүү, иш кагаздарын тартиптештирүү, кыз-келиндер, аялдар арасында радикалдык көз караштардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле, окуучулардан жана мугалимдердин бирдиктүү форма маселеси, катышуу-жетишүүнү каттоочу журналдарды туура пайдалануу, план конспектилерди, календардык пландарды, казыят тарабынан бекитилип берген окуу программасы боюнча ишмердүүлүктү жүргүзүү тууралуу да ойлор ортого салынып, окуу борбордун жетекчилери тарабынан берилген суроолорго окуу бөлүмдүн адиси Арпидин ажы Жороев жооп берди.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17