Аймак

КАЗАКСТАНДА САЯСИЙ РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛАП КЫЛГАН КЫЙМЫЛДЫН АКТИВИСТТЕРИ ПОЛИЦИЯГА ЧАКЫРЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДА САЯСИЙ РЕФОРМАЛАРДЫ ТАЛАП КЫЛГАН КЫЙМЫЛДЫН АКТИВИСТТЕРИ ПОЛИЦИЯГА ЧАКЫРЫЛДЫ

 881 Бардыгы /

Казакстанда бийликти саясий реформаларга чакырып келген «Oyan Qazaqstan» жарандык кыймылынын эки мүчөсү Алматы полициясына чакырылды. Бул тууралуу активист Асем Жапишева билдирди.

Анын айтымында, полиция кызматкерлери 28-август күнү эртең менен кыймылдын мүчөлөрү Жанель Шаханов менен Роман Захаровду үйлөрүнөн алып кетишкен.

Азырынча активисттердин эмне себептен чакырылгандыгы боюнча шаардык полиция департаментинен комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин аталган кыймылдын активисттери 30-августта, өлкөнүн Конституция күнүндө реформаларды талап кылган тынч митинг өткөрө тургандыктарын билдиришкен. Алар президенттин ыйгарым укуктарын чектөөнү жана башкаруу системасын реформалоону сунуштап жатышат. Мындан тышкары активисттер шайлоо мыйзамдары өзгөртүлүп, саясий партиялар менен коомдук биримдиктерди түзүүдөгү чектөөлөр алынышы керектигин билдиришүүдө.

«Oyan, Qazaqstan» («Ойгон, Казакстан») кыймылынын түзүлгөндүгү тууралуу активисттер тобу быйыл 5-июнда Алматыда билдиришкен. Кыймылдын демилгечилери расмий каттоодон өтпөгөнүн, эч бир саясий партия менен кызматташпай турганын, ошондой эле өлкө ичиндеги жана сыртындагы уюмдардан каражат албай турганын билдиришкен.

Акыркы айларда «Oyan, Qazaqstan» кыймылы ондогон адамдардын катышуусунда Казакстандын ири шаарларында SERUEN (сейилдөө) деп аталган акцияларды өткөрүп келет. Уюштуруучулар мындай акциялардын максаты сүйлөшүү жана ачык диалог түзүү экенин билдиришүүдө. Июлда Шымкентте өткөн SERUEN акцияларынын биринде анын катышуучулары полиция тарабынан кармалган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17