Аймак

ӨЗБЕКСТАН: БАШ КИЙИМ ЖАНА САКАЛ “АКЫЛДУУ” КАМЕРАЛАРДЫН ИШТӨӨСҮНӨ ТОСКООЛ БОЛУУДА

ӨЗБЕКСТАН: БАШ КИЙИМ ЖАНА САКАЛ “АКЫЛДУУ” КАМЕРАЛАРДЫН ИШТӨӨСҮНӨ ТОСКООЛ БОЛУУДА

 1,060 Бардыгы /

27-августта Ташкент шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы соода түйүндөрүндө эркектердин сакалын мажбурлап алуу боюнча расмий билдирүү таратты.

Маалыматта кишилердин тек-жайын тактоодо сакал “акылдуу” камералар үчүн кедерги болгону айтылат.

Мекеменин билдирүүсүндө “айрым жарандарга биометрикалык паспортторундагы сүрөттөрүнө ылайык, өздөрүн иретке келтирүү сунушталганы” белгиленген.

Ташкентте “Коопсуз аймак” иш-чарасынын алкагында эл көп топтолгон жерлерде кырдаалды байкоо үчүн интеллектуалдык камералар колдонулат. Базага издөөгө алынгандардын биометрикалык паспорттору киргизилген, эреже боюнча алар документке көз айнексиз, баш кийимсиз жана сакалсыз сүрөткө түшүшкөн.

23-августта Ташкенттеги “Малика” базарында сакал койгондорго каршы рейд жүрүп, ондогон адам кармалган. Алар милиция бөлүмүнө жеткирилгенден кийин сакалдары алынып, андан соң үйлөрүнө кое берилген.

Ташкент шаарынын жашоочусу Жамолиддин Мухаммад бул үчүн ИИМ, Юстиция министрлиги жана шаардык прокуратурага кайрылып, өзүм билемдикке жол берген милиция кызматкерлерин жазалоону талап кылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17