Аймак

МИНИСТР ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВ АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЭЛЧИСИ Г.ОРУДЖЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

МИНИСТР ЧЫҢГЫЗ АЙДАРБЕКОВ АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЭЛЧИСИ Г.ОРУДЖЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 832 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер Министри Чыңгыз Айдарбеков Азербайжандын Кыргызстандагы  Элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алды.

Жолугушуу маалында Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташтыктын маселелери талкууланды. Ушул жылдын октябрь айында Азербайжан Республикасында өтө турганТүрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинин 7-Саммитине, ошондой эле жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарга тараптар өзгөчө көңүл бурушту. Жогоруда аталган иш- чаралардын уюштуруу жана мазмундуу бөлүктөрү боюнча пикир алмашуу жүрдү. Тараптар  экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерин өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара  умтулуусун дагы тастыкташты. Бул контексттен алганда, Кыргыз-Азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын отурумун өткөрүүнүн, ошондой эле Кыргызстанда Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүүчү мектеп менен парктын курулушунун деталдары дагы кызуу талкууланды.

Маалымат катары: Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңеши– (ССТГ) –  мамлекеттер аралык уюм, анын, башкы максаты түрк тилдүү мамлекетердин ортосундагы ар тараптуу кызматташтыкка көмөк көрсөтүү болуп саналат.  Кеңештин негиздөөчүлөрү жана азыркы мүчөлөрү Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан жана Түркия болуп эсептелет. Азыркы учурда Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык Кеңешинде Кыргыз Республикасы төрөгалык кылат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17