Аймак

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН ӨКҮЛҮ КАТАРДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮНҮН ӨКҮЛҮ КАТАРДЫН ЭЛЧИСИ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 808 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Биринчи орун басары Нурлан Ниязалиев Катар Мамлекетинин Кыргызстандагы  Элчиси Абдалла Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Катар Мамлекетинин Элчиси Катар Мамлекетинин Эмири шейх Тамимабин Хамад Аль-Танинин Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго эки мамлекеттин кызматташтыгын андан ары бекемдөө тууралуу катынын түп нускасын тапшырды. Андан аркы маектешүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Катар мамилелеринин актуалдуу маселелерин жана аларды мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин, ошондой эле аралык уюмдардын алкагында эки өлкөнүн өз ара аракеттенүсүн дагы карап чыгышты.

Соңунда тараптар жогорку жана эң жогорку деңгээлдерде өз ара иш-сапарларды уюштуруунун жана соода,инвестиция жана кайрымдуулук чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду жүзөгө ашыруунун маанилүүлүгүн дагы баса белгилешти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17