Аймак

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: КУРСАН АСАНОВДУН БАЛАСЫНА ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

БАШКЫ ПРОКУРАТУРА: КУРСАН АСАНОВДУН БАЛАСЫНА ИЗДӨӨ ЖАРЫЯЛАНДЫ

 820 Бардыгы /

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун ишине байланыштуу анын уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланды.

Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат.

Бул фактыга байланыштуу 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду кылмышка шектүү катары сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 27-августта ага издөө жарыяланды.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.

Курсан Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») менен козголгон ишти Аскер прокуратурасы иликтеп жатат.

Бул иштин алкагында кармалган министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.

27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, ал 13-октябрга чейин үй камагына алынган.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17