Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,245 Бардыгы / Британия ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды. Парламенттеги тыныгуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат. Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат. Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат. Жонсон парламенттин ишин […]
1,246 Бардыгы / Британия ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды. Парламенттеги тыныгуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат. Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат. Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат. Жонсон парламенттин ишин […]
БРИТАН ХАНЫШАСЫ БРЕКЗИТ АЛДЫНДА ПАРЛАМЕНТТИН ИШИН ТОКТОТТУ
29.08.2019 / Автор aymak1,247 Бардыгы /
Британия ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды.
Парламенттеги тыныгуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат.
Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат. Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат. Жонсон парламенттин ишин токтото турууну өкмөттүн жаңы программасын даярдоо жана жарыялоо үчүн колдоно турганын жана мунун Брекзитке тиешеси жок экенин айтууда.
Оппозиция Жонсондун кадамын депутаттарды Брекзит жараянына атайын катыштырбоо аракети катары баалап, бул Конституцияга каршы келе турганын билдирүүдө. Оппозиция өкмөттү бул аракети үчүн сотко берүүгө ниеттенүүдө.
Жонсон ЕБдан чыгуу кампаниясынын лидерлеринин бири.
Парламент Борис Жонсонго чейинки премьер-министр Тереза Мэйдин Брюссель менен түзүлө турган келишим тууралуу долбоорун үч жолу четке каккан. Жыйынтыгында бул кризис Тереза Мэйдин кызматтан кетишине алып келген.
Премьер-министрлик кызматка өткөн айда киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия ЕБ менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.
Формалдуу түрдө Жонсондун өкмөтү парламентте минималдык көпчүлүккө ээ. Бирок анын партиясында дагы Брекзиттен келишимсиз чыгууга каршы чыккан депутаттар бар жана алар өкмөт башчыга тоскоол болуу үчүн оппозиция менен биригип кетиши мүмкүн.
Оппозиция референдум алдында эч ким шайлоочуларга Брекзиттен келишимсиз чыгуу ыктымалдуулугун эскертпегенин билдирүүдө. Талдоочулардын жана өкмөттүн эсебинде өлкө уюмдан келишимсиз чыкса, экономикага катуу сокку урулуп, медикамент, тамак-аш жана башка товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
2016-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта эле чыгышы керек болчу. Келишим түзүлбөгөндүктөн, бул мөөнөт 31-октябрга жылдырылган.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
19.04.2023 / Автор anarkan_kg КОНСТИТУЦИЯБЫЗДЫ КИМ ОҢДОЙТ ЖЕ БАШ МЫЙЗАМДЫ КАЧАН САБАТТУУ ЖАЗАБЫЗ?
-
25.04.2023 / Автор anarkan_kg ОШТУ МЫНДАН АРЫ ОМСК ОБЛУСУНУН ЖОЖдору МЕНЕН ТЫГЫЗ КЫЗМАТТАШАТ
-
02.05.2023 / Автор anarkan_kg ОШ ОБЛУСУНУН МЕКТЕПТЕРИ АКШдан САПАТТУУ ГАНА ТАМАК-АШ АЗЫКТАРЫН АЛЫШАТ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.