Аймак

КАЗАКСТАНДА АКТИВИСТТЕР ЖАРЫЛУУ БОЛГОН АРЫСТЫК ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМ БЕРИШҮҮДӨ

КАЗАКСТАНДА АКТИВИСТТЕР ЖАРЫЛУУ БОЛГОН АРЫСТЫК ОКУУЧУЛАРГА ЖАРДАМ БЕРИШҮҮДӨ

 774 Бардыгы /

Казакстандык ыктыярчылар жарылуу болгон Арыс шаарындагы жардамга муктаж балдарга китеп каптарды, кеңсе товарларын жеткирип беришүүдө.

Августтун башында бир нече активист арыстыктарга жардам берүү демилгесин көтөргөн. Бэлла Орынбетованын билдиришинче, өлкөнүн ар кыл аймактарынан жалпысынан 900 миң теңге (2300 доллар) чогулган. Бул акчага мектепке керектүү буюмдар сатылып алынган. Кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен Арыстагы 300 үй-бүлөгө жардам берилди. Ыктыярчылар тизмени жергиликтүү акимчиликтен алышкан.

Казакстандын Арыс шаарында 24-июнда ок-дары сакталган кампа жарылып, төрт киши мерт болгон. Дарыгерлерге 400дөй адам кайрылып, алардын 80ден ашыгы ооруканага жаткырылган.

Казак бийлиги жарылуудан шаардагы үйлөрдүн 85% эшик-терезелери, чатырлары талкаланганын кабарлаган. Калаанын 63 жеринде, анын ичинен 26 үйдө өрт чыккан. Өкмөт шаарды калыбына келтирүү үчүн 56,1 миллиард теңге (144,7 миллион доллар) бөлүнгөнүн билдирген.

Акыркы 10 жылда Арыстагы аскер кампаларында төрт жолу жарылуу болгон, бир нече киши көз жумган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17