Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД: 31-АВГУСТТА 900ДӨН АШУУН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КЫЗМАТ ӨТӨЙТ

ЖАЛАЛ-АБАД: 31-АВГУСТТА 900ДӨН АШУУН МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КЫЗМАТ ӨТӨЙТ

 1,170 Бардыгы /

Эртең КРдин Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдык мааракеси белгиленет. Бул майрамды утурлай 31-август күнү саат 08:00дө Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында «Гарнизондук развод» өтөт. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сѳз кызматы билдирди.

Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппараты, КРнын ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ѳзүнчѳ ротасы, Жалал-Абад ОИИБдин кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасы, КРнын ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгү, Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмү жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышат. Мындан сырткары жогорудагы кызматтарга тиешелүү болгон атайын техникалары тартылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө областын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы 900дөн ашуун милиция кызматкери жана Жалал-Абад шаарындагы 704 Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери кызмат ѳтѳшѳт.

“Аймак”

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17