Аймак

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ИНДИЯДАГЫ «TECHNOTEX 2019» КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШЫП ЖАТАТ

КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ ИНДИЯДАГЫ «TECHNOTEX 2019» КӨРГӨЗМӨСҮНӨ КАТЫШЫП ЖАТАТ

 671 Бардыгы /

МУМБАЙ. Кыргызстандын атайын делегациясы Индиянын Мумбай шаарында өтүп жаткан Эл аралык сегизинчи «Technotex 2019» көргөзмө-конференциясына катышууда.  

Кыргызстандын Индиядагы Элчилигинин  жардамы аркасында Индиядагы бул эң ири көргөзмө-конференцияга текстиль продукцияларын туруктуу өндүрүшкөн «Адеми Фэшн Трендс», «Cool Bros», «Бархат», «ACTIS», «Аруу Мода» ишканаларынын, ошондой эле «Инесс» Мода үйүнүн өкүлдөрү дагы катышууда. Мындан тышкары алар Индиянын дараметтүү ишкана-өнөктөштөрү менен мындан ары кызматташуу туурасында сүйлөшүүлөрдү дагы жүргүзүшүүдө.

Айтмакчы,  Индиядагы бул Эл аралык көргөзмө-конференцияга дүйнөнүн 21 өлкөсү катышып жатат. Эл аралык «Technotex 2019» көргөзмө-конференциясы Индиянын соода-сатык жана өнөр жай Министрлигинин колдоосу аркасында Индиянын Соода-Өнөр жай палатасы тарабынан жыл сайын уюштурулат.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17