Аймак

КАЗАКСТАНДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮНДӨГҮ АКЦИЯДА БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ ТАЛАБЫ АЙТЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДА КОНСТИТУЦИЯ КҮНҮНДӨГҮ АКЦИЯДА БАШ МЫЙЗАМДЫ ӨЗГӨРТҮҮ ТАЛАБЫ АЙТЫЛДЫ

 838 Бардыгы /

30-августта Казакстандын Шымкент шаарында өткөн акцияда активисттер 1993-жылкы Конституцияга кайтуу жана шайлоо мыйзамдарын кайрадан карап чыгуу боюнча референдум өткөрүүнү демилгелешти.

Акциянын катышуучулары 10 жылдан бери коррупция айыбы менен абакта жаткан «Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевди бошотуу талаптары жазылган кагаздарды жана полиция тарабынан кармалган акция катышуучуларынын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышкан. Алар 1995-жылы кабыл алынган өлкөнүн учурдагы Конституциясы жарандардын укуктарын коргобой тургандыгын билдиришти.

— Эмнеге бизде жарым жыл сайын Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилип жатат? Баш мыйзам Назарбаевдин «черновигине» айланды. Дайыма өз кызыкчылыктары үчүн өзгөртүп келатышат. Мындай болбойт. 1993-жылдагы Конституцияна кайтарып келишсин же элдин кызыкчылыгын коргой турган жаңы Конституция кабыл алуу керек. 1993-жылкы Конституцияда тынч жыйындарды өткөрүү тууралуу 12-берене бар болчу. 20-берене жүрүштөргө чыгууга уруксат берчү», — деди активист Даулет Насыров.

Акциянын катышуучуларынын бири Нуржан Абилдаев 30-август Конституция күнү экендигине карабастан, өлкөдө майрамдык маанай сезилбегенин айтты.

— Назарбаев кезинде биздин мыйзамдар иштеп жатат, саясий туткундар жок деп айткан. Бирок жерибизди коргогон Арон Атабек абакта, экономиканы көтөргөн Мухтар Жакишев абакта. Алар эмнеге камалды? Эгер бизде Конституция бар болсо ал эмнеге бардык жарандардын укуктарын коргобойт? Эмнеге биздин айлыктар төмөн? Эмнеге жаш үй-бүлөлөр ажырашып жатышат? Эмнеге жаштар батирлеп жүрүшөт? Бизде билим деңгээли нөлгө түшүп калды. Бизде бардык нерсе акча же тааныш аркылуу чечилип калды. Бирок Конституцияда мындай деп жазылган эмес. Өлкөдө башка «мыйзам» иштеп жатат. Эгер Конституция иштебесе аны алмаштыруу керек», — деди Абилдаев.

Казакстанда 1995-жылы кабыл алынган учурдагы Конституцияга бир нече жолу өзгөртүүлөр киргизилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17