Аймак

БАЗАР-КОРГОН: ЖЭЭК БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

БАЗАР-КОРГОН: ЖЭЭК БЕКЕМДӨӨ ИШТЕРИ ЖҮРҮҮДӨ

 1,241 Бардыгы /

“Атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу” иш-мерчеминин алкагында жээк бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын лейтенанты А. Абдикапар уулу билдирди.

Базар-Коргон районунун Талды-Булак айыл аймагынын Үч-Булак айылындагы, Каба сайынын жээгин, ички чарбалык көпүрөнү жана жээк бекемдөө иштери жүрүүдө. Облус аймагындагы кырсыктардын алдын алуу боюнча 2018-жылдагы бекитилген планынын негизинде иш алып барылууда.

Көпүрөнү бекемдөөгө КРдин ӨКМ тарабынан 8тонна 275кг цемент,  ал эми жээк бекемдөөгө 12мм арматурадан 507кг бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күндө жумуш жүрүп жатат.

Натыйжада райондун борбору менен Үч-Булак айылынын 113 кожолугу, автоунаа жолу жана ички чарбалык жолдору корголот.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17