Аймак

“КЕПИЛДИК ФОНД”: АЙМАКТЫК ДОЛБООРЛОРДУ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА 2019-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

“КЕПИЛДИК ФОНД”: АЙМАКТЫК ДОЛБООРЛОРДУ КАРЖЫЛОО БОЮНЧА 2019-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

 2,565 Бардыгы /

«КФ» өзүнүн ишмердигинде КР Президентинин 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештируу жылы жөнүндө” Жарлыгын жана “КФ” ААКтын 2019-2023-жылдарга өнүгүү Стратегиясын жетекчиликке алат.

Ишкерлерди каржылоого жеткиликтүүлүгүнө көмөктөшүү, этти, сүттү, жүн жана терилерди кайра иштетүүгө багытталган аймактык долбоорлорго кепилдик жардам берүү аркасында Фонд аймактарда жаңы жумуш орундарды түзүүгө жана иштеп жаткан жумуш орундарды колдоого, миграцияны кыскартууга жана жакырчылыкты төмөндөтүүгө чоң салым кошуп келет.

2019-ЖЫЛДЫН 7 АЙЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

2019-жылдын 7 айында, 31-июлуна карата абалына, 468 млн. сом жалпы суммасында 264 кепилдик берилген. Фонддун кепилдиги астында өнөктөш банктар ишкерлерге 1,4 млрд. сом көлөмүндө кредит берген.

Жумуш орундар. Берилген кепилдиктер аркасында 604 жаңы жумуш орундар түзүлдү жана 2 816 иштеп жактан жумуш орундар колдоого ээ болду.

Айымдардын ишмердиги. Ишкер айымдарга 97 млн. суммасында 66 кепилдик берилди.

Экспорт. Экспортко багытталган долбоорлорго 81 млн. суммасында 11 кепилдик берилди.

«КФ» ААКтын – «БРБИ» программасы

«Бир район – бир ишкана» («БРБИ») программанын чегинде 40 долбоор ишке ашырылууда, алардын ичинде экспортко багытталганы да бар: сүт, түү бурчак, жемиштерди кайра иштетүү, резиналык бут кийим, шагыл өндүрүү, тракторлорду чогултуу, мейманкана комплексин, күнөскана куруу, тигүү өндүрүшү, асыл тукум мал багуу жана башкалар.

Ар кандай тармактарда жана аймактарда иш жүргүзгөн төмөнкү ишканалар бар:

Ош областы – «Алайку Органикс» ЖЧК (сүттү кайра иштетүүчү мини-ишкана), «Умар Групп» ЖЧК (сары ташты кайра иштетүү жана травертин өндүрүү) ж/б;

Жалал-Абад областы – «Алым-Ата» ЖЧК (автобазаны тигүү фабрикага кайра куруу), “Агро Кен” ЖЧК (сүттү кайра иштетүү жана сыр

өндүрүү), ЖИ «Осконбаев Ж.Ж.” (пахта остүрүү жана пахта майын өндүрүү) ж/б;

Нарын областы – ЖИ «Акматова Ж.Т.» (сүт заводун куруу жана сүт азыктарын, сырлардын түрлөрүн өндүрүү), «Чар-Тревел» ЖЧК (туризм, мейманкана куруу), ЖИ “Хабибова Х.Х.” (жашылча өстүрүү үчүн күнөскана куруу) ж/б;

Талас областы – ЖИ «Оморов М.К.» (төө бурчакты тазалоо, сорттоо, өлчөө жана таңгактоо), ЖИ “Иманалиев Э.Р.” (төө бурчакты сортоо жана тазалоо үчүн жабдууну сатып алуу), “Джанчикулов М.Э.” (курулуш материалдарды өндүрүү) ж/б;

Чүй областы – «Кыргыз Корм» ЖЧК (асыл тукум малды сатып алуу), «ДОС ТЖМ» ЖЧК («Топоз» тракторлорду чогултуу), «Аква Мастер» ЖЧК (кесменин түрлөрүн өндүрүү) ж/б;

Ысык-Көл областы – ЖИ «Джумабаева Г.» (табигый ширелерди өндүрүү), «Жусупов М.» (сүт багытындагы асыл тукум малды сатып алуу), ЖИ «Аденова А.Т.» (жашылча-жемиштерди кайра иштетүү) ж/б;

Баткен областы – «Маркаев К.О.” (курулуш материалдарды өндүрүү), “Топчуев М.Ж.” (мыктардын түрлүрүн өндүрүү), “Кадырова Т.Ш.” (туризм, ден соолук чыңдоочу объекттер) ж/б.

Бардыгы болуп 131 млн. сом суммасында 40 кепилдик берилди. Кепилдик астында банктар ишкерлерге 377,3 млн. сом суммасында кредиттерди беришти.

2016-ЖЫЛДАН БАШТАП 2019-ЖЫЛДЫН 31-ИЮЛУНА ЧЕЙИНКИ ИШМЕРДИКТИН БҮТ МЕЗГИЛИ БОЮНЧА МААЛЫМАТ

Фонд ишкерлерге 1,2 млрд. сом суммасында 920 кепилдик тапшырды. Өнөктөш банктар ишкерлерге кепилдиктердин астында 4,2 млрд. сом көлөмүндө кредит беришти.

Жумуш орундар. Берилген кепилдиктер аркасында 1 829 жаңы жумуш орундар түзүлдү жана 8 703 иштеп жактан жумуш орундар колдоого ээ болду.

Айымдардын ишмердиги. Ишкер айымдарга 321 млн. суммасында 262 кепилдик берилди. Берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүндө айымдардын ишмердигинин үлүшү 28 пайызды ээлейт.

Экспорт. Экспортко багытталган долбоорлорго 240 млн. суммасында 63 кепилдик берилди.

ФОНДДУН 12 ӨНӨКТӨШ БАНКЫ

Бүгүнкү күндө “КФ” ААКтын 12 өнөктөш банкы бар. Бул 12 банктын активдери банк тутумунун активдеринин 82,7% үлүшүнө ээ, капиталынын –

73,3, кредиттик портфелинин – 85,1, пайдасынын — 151,2, филиалдарынын – 78,6% үлүшүн ээлейт.

“КФ” ААКтын ИШМЕРДИГИНДЕГИ ОРЧУНДУУ ОКУЯЛАР

АӨБдүн жогорку баалоосу

Азия өнүгүү банкы Кыргызстандын кепилдик фонддорунун ишмердүүлүгүн ийгиликтүү деп тапты жана Борбордук Азия жана Кавказ мамлекеттеринде жайылтууга сунуш кылды.

КРУБ “КФ” ААКтын акционери болду

19-июлда КРУБ 550 млн. сом суммасындагы акциялардын эмиссиясын сатып алып 49% жакын үлүшү менен Фонддун акционери болду.

“КФ” ААКтын уставдык капиталы

Фондун уставдык капиталы 1,132 млрд. сомго чейин жогорулады.

“КФ” ААК ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯЛАРДА

18-апрелинде “КФ” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров Стамбулда өткөн эл аралык конференцияда Кыргызстандын кепилдик системасынын бет ачарын өткөрдү.

11-июнда “КФ” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы Малик Абакиров Чолпон-Ата шаарында өткөн ШКУнун Банкаралык бирикмесинин Кеңешинин отурумуна катышып сөз сүйлодү.

«КФ» ААК менен кызматташууну жолго коюуга, атап айтканда, АӨБ Институту жана башка финансылык түзүмдөр даяр экендигин көрсөтүштү. Белоруссия жана Узбекистандын өкүлдөрү кепилдик фонддорду түзүүдө кыргыз моделин пайдалануу боюнча кызматташууга ниетин билдиришти. Таджикистанда болсо кепилдик фонддор кыргыз моделинин үлгүсүндө ачылып ишин баштоодо.

ДҮЙНӨЛҮК БАНКТЫН ДОЛБООРУНА КАТЫШУУ ЖӨНҮНДӨ

2018-жылы «КФ» ААК Дүйнөлүк банктын “Сүт секторунун өндурүмдүүлүгүн комплекстуу жогорулатуу” долбоорун ишке ашырууга катышуу жөнүндө макулдашууга жетишти. 2019-жылы Фонддун катышуусу өкмоттүн буйругу менен расмий бекемделди.

РКнын ИШКЕРДИКТИ ӨНҮКТҮРҮҮ “ДАМУ” ФОНДУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

12-июлда Бишкекте “КФ” ААК жана “ДАМУ” ишкердикти онуктуруу Фонду менен кызматташуу жонүндө Меморандумга кол коюлду. Казакстандын эң ири финансылык институт менен кызматташуу баалуу практикалык тажрыйба алмашууга, маанилүү долбоорлорду илгерилетүүгө өбөлгө тузөт.

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17