Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБне ЭКИ КЫЗМАТТЫК АВТОУНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБне ЭКИ КЫЗМАТТЫК АВТОУНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

 2,054 Бардыгы /

Бүгүн Жалал-Абад шаарынын борбордук Эркиндик аянтында Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдык мааракесине карата «Гарнизондук развод» болуп ѳттү. Анда ИИМ министринин буйругу менен Жалал-Абад ОИИБне эки кызматтык автоунаа берилди.

Бул иш-чарага Жалал-Абад ОИИБнин борбордук аппараты, КРдин ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы ѳзүнчѳ ротасы, Жалал-Абад ОИИБнин кайгуул күзѳт кызматынын ѳзүнчѳ ротасы, КРдин ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгү, Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмү, Жалал-Абад шаардык ички иштер бѳлүмү жана Жалал-Абад шаарынын мамлекеттик атайын күзѳт кызматынын ѳздүк курамдары катышты. Андан сырткары жогорудагы кызматтарга тиешелүү болгон атайын техникалары тартылды.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ алгач ички иштер органдарында үлгүлүү кызмат ѳтѳгѳн кызматкерлер «атайын чиндерин» алышса, ал эми облустун аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жана кылмыштуулук менен күрѳшүүдѳ ѳзгѳчѳлѳнгѳн кызматкерлер Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары менен сыйланышты.

Салтанаттуу жүрүштүн алдында Жалал-Абад ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Кылыч Жолдошов сѳз сүйлѳп, жалпы ѳздүк курамды «Эгемендүүлүк күнү» менен куттуктап, жоопкерчиликтүү кызматтарында ийгиликтер болуусун, ѳлкѳбүздѳ тынчтык ѳкүм сүрүп, мамлекетибиздин ѳнүгүп ѳсүүсүн каалады.

Белгилей кетсек, 31-август Эгемендүүлүк күнүндө областын аймагында коомдук коопсуздукту камсыздоодо жалпы 900дөн ашуун милиция кызматкери жана Жалал-Абад шаарындагы 704 Ички аскерлер бөлүгүнүн жоокерлери кызмат ѳтѳшүүдө.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17