Аймак

ӨКҮЛ ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

ӨКҮЛ ДЕЛЕГАЦИЯ МЕНЕН ЖОЛУКТУ

 1,366 Бардыгы /

Бүгүн, 31-август эгемендик күнүндө Өкмөттүн Жалал-Абаддагы өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев Чүйдөн келген аксакалдар делегациясы менен жолукту.

Жолугушууга аксакалдар делагациясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана аксакалдар, ак элечек апалар  катышты.

Өкүл аксакалдар делегациясына, кесиптеши Өкмөттүн Чүй облустундагы өкүлү Алтынбек Намазалиевге ыраазычылыгын билдирип өттү.

Жыйында жаштарга тарбия берүү, элдин биримдигин, ынтымагын бекемдөө тууралуу пикир алмашуу жүрдү.

Эске салсак,  Жалал-Абад облусуна Чүй облусунан ардактуу аксакалдар,  ак элечек апалардан турган атайын делегация келишкен. Ал аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен  “Ынтымак кербени” башталган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17