Аймак

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРБЫ?

МЕКТЕПТЕР ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРБЫ?

 3,027 Бардыгы /

Учурда жаңы 2019-2020-окуу жылы башталган чагы. Буга чейин жайкы эс алуу убагында мектептерде оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Облус боюнча билим сапаты төмөндөп кеткени баарыбызга маалым эмеспи. Быйылкы окуу жылында аны жакшыртуу максатында кандай иш аракеттер жүрөт? Окуу мекемелери, мугалимдер окуучуларга толук билим берүүгө даярбы?  Деги эле облус жаңы окуу жылына кандай даярдык көрдү?- төмөндө кеп ушул тууралуу болмокчу.

 

Эрнис БОРУБАЕВ, КРдин Өкмөттүнүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Социалдык мониторинг жана өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси: “ӨКМдин КОРУТУНДУ БЕРГЕН 42 АВАРИЯЛЫК МЕКТЕП БАР”

-Област аймагындагы жалпы мектептердин жаңы окуу жылына карата Өкмөттүн Жалал-Абаддагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн буйругуна ылайык жумушчу топ түзүлгөн. 2019-жылдын 5-августунда чыккан №371 буйругунун  негизинде комиссия (жумушчу топ) төрткө бөлүнүп, район-шаарлардагы мектептерди жеринен көрүп келдик. Быйылкы жумушчу топтун өзгөчөлүгү жер-жерлердеги жергиликтүү кеңештин депутаттары кошулгандыгында болду. Алар мектептерде болуп жаткан жетишкендиктерди, кемчиликтерди көрүп, жергиликтүү бюджеттен кантип чечсе боло тургандыгын чогуу текшерип келишти.

Республикалык бюджеттен мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого, утурумдук оңдоп-түзөөлөрүнө 17 млн 740 миң 900 сом каралган. Жергиликтүү бюджеттен 29 млн 809миң 300 сом бөлүнгөн. Демөөрчүлөр, ата-энелер, 10-20-30 жылдык бүтүрүүчүлөр тарабынан 36 млн 482 миң 800 сом жардамдар көрсөтүлдү. Сырткы жана ички инвестиция тартып олтуруп, област боюнча 155 млн 770 миң 600 сом жардамдар берилди.

Быйыл аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жалпы билим берүүчү мектептерде Кыргызтелеком мамлекеттик ишканасы тарабынан 430 мектеп интернет тармагына туташтырылды.  Ал эми 44 мектеп жылдын аягына чейин туташтырылат. 213 мектепке кылмыштуулуктун алдын алуу, билим сапатын жакшыртуу максатында демөөрчүлөр тарабынан видео көзөмөл коюлду.

Таза суу программасы аркылуу областтын 274 мектеби таза суу менен камсыз болгон. Калган 200 мектеп такыр суусуз калган жок, болгону алар кудук курушкан. Ошого таза суу ташылынып келинет. Област аймагында ӨКМдин корутунду берген 42 авариялык мектеп бар. Бирок балдар дагы деле билим алууда. Себеби аларды башка мектеп менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүк жок.  Алар: Аксы 3, Ала-Бука 6, Базар-Коргондо 7, Ноокенде 2, Сузак 11, Тогуз-Тородо 1, Токтогулда 7, Чаткалда 2, Жалал-Абад шаарында 2, Кара-Көл шаарында 1 мектеп авариялык абалда. Жаш кадрлардан Жалал-Абад мамлекеттик университетинен бөлүштүрүүнүн негизинде 219 адистер жумушка кабыл алынды. Быйылкы жылкы эсеп боюнча 110 мугалим жетишпейт, былтыры бул сан 140 болчу.

Акылбек ТОКТОСУНОВ, Жалал-Абад областтык билим берүү бөлүмүнүн усулдук борборунун жетекчиси: “ЭЧ БИР МЕКТЕПТЕ ОКУУНУ ТОКТОТЧУ ПРОЦЕСС БОЛБОЙТ”

-Област боюнча жалпы 474 мектеп бар болсо, анда жалпы 15 603 мугалим эмгектенет. Анын ичинен 465и мамлекеттик, 7 жеке менчик мектеп, экөөсү лицей болуп саналат. Былтыркы окуу жылында мамлекеттик мектептерде 222 миң 990, жеке мектептерде 2426 окуучу билим алды. Биринчи класска быйыл август эсеби боюнча  20461 бала болду. Бала бакчадан 1500 бала барат, 18498 бала 480 сааттык “Наристе” программасынын негизинде, 463 бала үйдөн барышат.

Быйыл област боюнча 5195 окуучу ЖРТга катышып, көрсөткүч боюнча орточо 119,1 баллды түздү. Былтыркы жылга караганда 4,1 баллга өскөн. Област боюнча 6 окуучу алтын сертификат алды. “Алтын тамга” боюнча 292 бала катышып, андан 19 бала артыкчылык аттестатына ээ болду. Билим сапаты боюнча областын көрсөткүчү  53,5%ды түздү. Бул өткөнкү жылга салыштырмалуу 0,4%га жогору.

Быйылкы окуу жылында жаңы Ала-Букада 2,  Чаткалда 1, Тогуз-Тородо 2, Аксыда 1 мектеп ишке берилет. Жыл акырына чейин Базар-Коргондогу Алтын-Кыя айылындагы жана Ноокендеги №26 Анаркулов мектептери ишке берилери пландалып жатат. Өткөн окуу жылы 9 мектепти пайдаланууга бергенбиз. Област боюнча 465 мектеп толугу менен окуу жылына даяр. Коллегияда айтылгандай утурумдук оңдоп-түзөө иштерин да жүргүзүштү. Эми иште кемчиликтер да болот экен. Бирок кемчиликтерин мектеп директорлорун, билим берүү башчылары аткарып, отчёттерун берип жатат. Биринде да окууну токтото турган процесс болбойт.

Билим сапаты боюнча Көк-Жаңгак шаары эң төмөн көрсөткүчтү көрсөттү.  Ал 110 баллдыкка жетпей калган. Бул жерде шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, мектеп жетекчилеринин дагы тиешелүү деңгээлде иш алып барбагандыгында болууда. Билим сапатын да көтөрүш үчүн  мектеп жетекчилиги, мугалимдер  балдар менен тыгыш иш алып барышы керек. Ошондо гана билим сапаты көтөрүлөт.

174 мектепке ысык тамак менен камсыз кылуу БУУнун азык-түлүк  программасы, Мерсико уюму менен биргеликте уюштурулду. Бул менен токтоп калбайт, кийинки жылы да мектептерге ысык тамак киргизилет.

Областыбызда 1- 4 класс окуучулардын саны 98 миңден ашуун. Ысык тамак балдардын ден соолугуна жакшы. Мектепте байытылган ун, йоддолгон туз дегендерди кошуп, витаминдүү тамактар болот.

Чынара ТУРДУКУЛОВА, Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы: “БЕШ МЕКТЕПТИ СТРАТЕГИЯЛЫК ПЛАНГА КОЙГОНБУЗ”

– Ала-Бука районунда авариялык абалдагы 6 мектеп бар. Алардын арасынан Жуманазаров мектебинин долбоору даярдалып бүттү. Кийинки жылы курулуш башталат.  Калган беш мектепти стратегиялык планга койгонбуз. Алардын балдарга өтө кооптуулугу жок, алар окуусун улантып жатышат. Алардын катарында  Ажек мектеби бар. Ал айыл өкмөт, администрация тарабынан титулдук тизмеге киргизилди.  Азыр сметасын даярдоого уруксат алышыптыр, эми даярдашат.  Титулдук тизмеге киргизилип, курулушун 2020-жылга баштоону пландоодо. Балдардын жарымы азыр маданият үйүндө, жарымы мектепте окуп жатышат. Негизи мектеп 3 корпустан турат. Бир корпусу жараксыз болуп, калган эки корпуста балдар окуп жатышат. Алар коопсуз,мектептин абалы таасирин тийгизбейт.

 

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17