Аймак

БИР ОБЛАСТТА 6 ЖАҢЫ МЕКТЕП ИШ БАШТАДЫ

БИР ОБЛАСТТА 6 ЖАҢЫ МЕКТЕП ИШ БАШТАДЫ

 1,577 Бардыгы /

Жалал-Абад областында биринчи класска баргандардын жалпы саны алдын ала эсепер боюнча 20 миң 461 окуучуга жетсе, жаңы курулуп ишке берилген мектеп имараттарынын саны алтоо.

Бул тууралуу областык билим берүү усулдук борборунун жетекчиси Акылбек Токтосунов билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы 2019-2020-окуу жылында Ала-Букада 2, Чаткалда 1, Тогуз-Тородо 2, Аксыда 1 мектеп ишке берилди.Ал эми өткөн окуу жылы 9 мектептин имарты бүтүп пайдаланууга берилген эле.

-Эч бир мектепте окууну токтот турчу процесс болбойт. Утурумдук ремонттор жана бшка иштер өз учурунда аткарылган. Жаңы окуу жылында 174 мектепте БУУ Азык –түлүк прогрммасынын Мерсико уюму менен биргеликте ысык-тамак менен камсыз болушту. 213 мектепте видео көзөмөл орнотулган. 430 мектеп интернет тармгына туташтырылган. Калган 44 мектеп да окуу жылынын аягына чейин туташтырылат” – дейт А.Токтосунов.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад областында 474 мектеп болсо мугалмдердин саны 15 миң 603кө жетет. Окууучулардын жалпы саны 225 миң 416 дан ашуун.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17