Аймак

МАЙК ПЕНС: АКШ ОРУСИЯ МЕНЕН ЖАҢЖАЛДА УКРАИНАНЫ КОЛДООСУН УЛАНТАТ

МАЙК ПЕНС: АКШ ОРУСИЯ МЕНЕН ЖАҢЖАЛДА УКРАИНАНЫ КОЛДООСУН УЛАНТАТ

 1,180 Бардыгы /

АКШнын вице-президенти Майк Пенс Вашингтон Орусия менен жаңжалда Украинаны колдоосун улантып, анын аймактык бүтүндүгүн сактоо аракетине көмөктөшө турганын билдирди.

1-сентябрда Польшанын баш калаасы Варшава шаарында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолуккан Пенс АКШ Крым боюнча Киевдин мыйзамдуу талабы менен макул экенин айтты. Пенс менен Зеленский Польшага Экинчи дүйнөлүк согуштун башталганынын 80 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышуу үчүн барышкан.

АКШ Украина үчүн маанилүү өнөктөш. Вашингтон 2014-жылы Крым жарым аралынын аннексиясына жана Москванын Украин чыгышындагы жикчилдерди колдогондугуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды киргизген.

Буга чейин Киевге барган АКШ президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон Варшавада Зеленский менен Трамп жолугушу мүмкүн экенин билдирген. Бирок АКШ президенти Флориадага жакындап калганкатуу бороондон улам, бул сапарынан баш тарткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17