Аймак

ТОКАЕВ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ ТЫНЧ ЖЫЙЫНДАРДЫ ӨТКӨРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРИШИ КЕРЕК

ТОКАЕВ: ЖЕРГИЛИКТҮҮ БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ ТЫНЧ ЖЫЙЫНДАРДЫ ӨТКӨРҮҮГӨ УРУКСАТ БЕРИШИ КЕРЕК

 1,049 Бардыгы /

Казакстанда жергиликтүү бийлик органдары жарандардын тынч акцияларды өткөрүүсүнө уруксат бериши керек. Бул тууралуу бүгүн парламентте сүйлөгөн өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.

«Эгер тынч акциялар мыйзамды жана жарандардын тынчтыгын бузуу максатын көздөбөсө, аларга мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте уруксат берилиши зарыл. Акцияларды шаардын четинде эмес, борбордук бөлүгүндө өткөрүүгө мүмкүндүк бериш керек. Бирок кандай гана мыйзамга каршы келген аракеттерге, башаламандыктарга чакыруу болбосун, аларга карата мыйзам чегинде чара көрүлөт», — деди Токаев.

Казакстандын учурдагы мыйзамына ылайык, жарандар тынч жыйындарды өткөрүү үчүн жергиликтүү аткаруу бийлигинен уруксат алышы керек. Укук коргоочулар менен эл аралык уюмдар Казакстандагы бул мыйзамды эл аралык стандарттарга туура келбейт деп сындап, жарандар бийликтен тынч митингдерди өткөрүүгө уруксат сурабастан. жөн гана билдирүү жөнөтүшү керектигин айтып келишет.

Казакстанда уруксат берилбеген митингдердин катышуучулары көпчүлүк учурларда полиция тарабынан кармалып, айыппул салынып, камактарга алынышат. Активисттердин айтымында, алар көбүнчө бийликтин дарегине сын айтыла турган иш-чараларды өткөрүүгө уруксат ала алышпайт, бийлик өзү жактырган жыйындарды гана мыйзамдуу деп эсептейт.

Быйыл июнда президент болуп шайланган Касым-Жомарт Токаев батыш маалымат каражаттарына берген маегинде өлкөдө митингдер тууралуу жаңы мыйзам иштеп чыгуу планы бар экенин билдирген. Бирок сынчылар Токаев убадалаган «жаңы эрежелер» учурдагы мыйзамда бар экенин билдиришүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17