Аймак

КАЗАКСТАНДЫН ДАГЫ БИР ШААРЫНДА ӨЗБЕКСТАНДЫН КОНСУЛДУГУ АЧЫЛДЫ

КАЗАКСТАНДЫН ДАГЫ БИР ШААРЫНДА ӨЗБЕКСТАНДЫН КОНСУЛДУГУ АЧЫЛДЫ

 1,046 Бардыгы /

31-августта Казакстандын Актау шаарында Өзбекстандын башкы консулдугу ачылды.

Өзбекстандын Казакстандагы элчиси Саидикрам Ниязхожаевдин белгилешинче, Актау шаарындагы консулдук Ташкент үчүн маанилүү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн бири болот.

«Актау Казакстандын деңиз дарбазасы болуп эсептелет. Жүктөрдүн бардыгы ушул жерден өтөт. Бул шаар өзбек товарларын Казакстан аркылуу башка өлкөлөргө чыгаруу үчүн эң кыска жол. Биздин программада чек арадагы өткөрүү пункттарын модернизациялоо планы бар. Товар ташылса инвесторлор да өз ара сүйлөшө башташат. Булардын бардыгына биздин консулдугубуз кошумча түрткү болот», — деп билдирди элчи.

2018-2019-жылдары Өзбекстан Орусиянын Новосибирск, Санкт-Петербург, Екатериндург, Владивосток, Ростов-на-Дону жана Казан шаарларында консулдук өкүлчүлүктөрүн ачкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17