Аймак

ТАРЫХЫ БАР ИШКАНА, ТАЛПЫНА БЕРЕТ АЛДЫГА!

ТАРЫХЫ БАР ИШКАНА, ТАЛПЫНА БЕРЕТ АЛДЫГА!

 3,770 Бардыгы /

 “Бул кыйырда поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап турат… Темир жолдун эки тарап кыйырында ээн талаа, эрме чөл Сары-Өзөк жатат. Гринвич меридианы сымал бу кыйырда алыс-жакын аралыктын эсеби темир жолдон башталат.

Поезддер чыгыштан батышка, батыштан чыгышка байма-бай каттап турат”.

 Ч.Айтматовдун  “Кылым карытар бир күн” романынан.

Терең ой жүгүртүп тар кечүү, тайгак жолдорду эске салсак, албетте өткөн күндөрүбүз кино лентасындай көз алдыга тартылат. Чынында темир жолсуз өткөн күндөрүбүздү элестете албайбыз. Ошондон уламбы “Кыргыз  темир жолу” улуттук компаниясынын мамлекеттик ишканасынын Түштүк башкармасынын эмгек жамааты эгемендүүлүктүн 28 жылдык майрамын жарык жүз, жаркын маанай менен тосуп алышты. Өсүштөр, өнүгүүлөр, алга жылуулар таасын байкалат. Өргө карай умтулган жамааттын каармандыгына ыраазы болосуң, бир жагынан кубанасың. Иши жүрүшкөн ишкананын жетишкендиктери жөнүндө газетабыздын 4-5-беттеринде кеңири сөз болот.

 

Бахтияр ЮНУСОВ: “БАКУБАТ ЖАШОО БАРДЫГЫБЫЗГА КЕРЕК” 

Маектеш жөнүндө маалымат

Юнусов Бахтияр Камчиевич 63 жашта. Ташкенттеги инженер транспорттук институтун бүтүргөн. Эмгек жолун Куйбышев темир жолунун Рузаевка бекетинен баштаган. Эгемендүүлүккө ээ болгон, ачык айтканда 1991-жылы Жалал-Абадда эмгек жолун уланткан. Көптөгөн сыноолордон ийгиликтүү өткөн Бахтияр Камчиевичке болгон ишеним тереңдеген, адегенде эле Жалал-Абад темир жол бекетин жетектеген. Жаш адистин дарегине жакшы пикирлер айтыла баштаган. Кесиптик профессионалдык деңгээлин көтөрүүгө баш-оту менен киришти. Алтынды дат баспайт дегендей астейдил аракети, ак кызматы Б.Юнусовго кадыр-барк алып келди. 2010-жылы жетекчиге көө жабуу максатында аракеттенгендердин ындыны өчтү. Жамаат тикесинен тик турушту. Убактылуу көңүлү чөккөн менен Бахтияр Камчиевич мурдагыдай эле жамаат менен жуурулушуп, айкөлдүгүн да, кечиримдүүлүгүн да көрсөттү. Ушундан улам жетекчиде даанышмандыктын, генийлердин улуу адамгерчилик касиети сезиминде уялап келаткандыгына ынанасың. Сыйлыктын да, сыймыктын да ээси болгон Б.Юнусов Жалал-Абад шаардык кеңешинин үч жолку чакырылышынын депутаты, шаардын ардактуу атуулу, “Ардактуу темир жолчу”, “Даңк” медалынын ээси, “Транспортко эмгек сиңирген кызматкер”. Жубайы Юлдузхан учурда пенсияда. Бактылуу жубайлар бир уул, үч кыздын атасы, тогуз неберенин чоң атасы.

 

– Бахтияр мырза, жетекчинин жүзүн жыйынтык көрсөтөт эмеспи?

– Сурооңузга 2019-жылдын 7 айынын жыйынтыгы жөнүндө айтып берейин. Жылдан-жылга көрсөткүчтөр жогорулап жатат. Бул жетекчи катары мени да, жамаатты да кубандырат. Жалпысынан 5749 вагон, 391829 тонна эл кеңири керектөөчү ар кандай жүктөр ташылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 13669 тоннага көп. Бул абдан жакшы көрсөткүч. Биз көңүлдүн борборун мүмкүн болушунча арбын жүк ташууга бурабыз. Анткени бюджеттин көзүн карабайбыз. Түштүк башкармалык уюшулгандан бери өзүбүздү өзүбүз каржылайбыз. Кирешенин булактары арбын. 4554 вагон, 318000 тонна көмүр, 120 вагон же 8000 тонна курулуш материалдарын, 10000 тонна металлолон ташыганыбызды айтпасам болбойт. Нефть продуктарына болгон талап жогору. Коңшулаш мамлекеттерден 5277 вагон жүк ташылгандыгы эле ишибиздин жүрүшүп жаткандыгы эмеспи. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда жүз миң тоннага көп нефть продуктыларына талап күчөп жаткандыгына быйыл басым жасадык. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 597 вагон нефтини ашыкча ташыдык. Россия менен Казакстандан 81000 тонна жер семирткич, 26000 ун ташууга жетиштик.

-Бахтияр мырза өсүштөр да, өнүгүүлөр да дурус экен. Аны сөзүңүздөн улам байкадым. Киреше жагын да унутта калтырбасаңыз керек?

-Албетте ал жөнүндө айтпасам болбойт. Жалпысынан 255 миллион сом киреше алдык. Бул 2015-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 26 миллион сомго көп.

– Жакшы экен. Соцфондго, электр энергиясына карызыңыздар жокпу?

-Азырынча карыз эмеспиз. Карыздарды өз убагында төлөөнү салтка айландырып алганбыз. Кудайдан башкадан карыз эмеспиз (күлүп).

-Бахтияр мырза, карыз жөнүндө сөз болгон соң карызды ойлонбосок болбой калды көрүнөт.

-Менин да жүрөгүмдү өйүгөн ошол. Мекенчил, элибиз үчүн ак кызмат өтөйлү десек, ар бирибиз карызды ойлонушубуз зарыл. Антпесек болбойт. Мамлекетибиздин, элибиздин келечеги үчүн ак дилден күйбөсөк, колдобосок акыры эмне болот? Бул жагын эстен чыгарбашыбыз керек.

– Аныңыз абдан туура. Эми азыркы да, мурдагы да президенттердин учурда тирешип жаткандыгы жөнүндө көз карашыңыз кандай?

– Бирин экинчисинен артык көрбөйм. Мен өзү саясатка аралашпайм. Бир топту же саясий күчтү колдогондорду, элге бүлүк салгандарды, улуттар ортосундагы мамилелерге терс пикирин айткандарды дээримен жактырбайм.

-Бахтияр мырза, эл бийликке, бийлик элге ишенбей калганына ынанасызбы?

– Андай көрүнүштөр бар. Ачыкка чыкпаса да жашыруун дейбизби, көмүскө дейбизби аны ачык айта албайм. Мен социолог эмесмин.

-Өзбекстан, Кыргызстан – Кытай темир жолун куруу жөнүндө көп жылдардан бери сөз болуп келе жатпайбы?

– Ооба, азырынча сөз боюнча эле калып жатат окшойт. Бул маселе чынында жетекчи катары компетенцияма кирбейт. Ошондуктан бул маселе жөнүндө чечилип эч нерсе айта албайм.

-Өндүрүш өр алып экономикалык, финансылык көрсөткүчтөр көтөрүлүп жатса, жамааты материалдык жактан колдоо колго алынгандыр?

-Антпешке болбойт. 2016-жылы ар бир кызматкер орточо айына 12000 сомдон айлык акы алса, бүгүнкү күндө 22 117 сомго жетти. Бул республика боюнча алганда деле жаман көрсөткүч эмес. Жалал-Абадда деле ишкана ачып, баланча жумуш орун ачтык дешип көкүрөгүн ургандар, калп айткандар азбы? Бакубат жашоо бардыгыбызга керек. Антпесек болбойт. Коомго жана турмушка болгон көз карашыбыз тереңдеп жатканда тунук идеяларды туу тутуп, элибиздин, мамлекетибиздин келечеги үчүн ар бирибиз кам көрбөсөк, биздин мекенчилдигибиз кайсы? Буга терең маани бербесек болбойт.

-Түштүк темир жолун жетектегениңизге быйыл 25 жыл толуптур. Республиканы 24 жыл бою башкарган Турдакун Усубалиевден жетекчилик стажыңыз боюнча бир жылдан ашып кетипсиз?

-Ошондой болушу мүмкүн (күлүп). Ал улуу адам, ага теңелиш кыйын.

-Туура баамдапсыз. Сиз деле сыйлыктарды, наамдарды каалашыңызча алыпсыз. Бир жери кем болуп турат. Бир нерсе жетишпегендей…

-Кандайча! Бардык сыйлыктарды алыпсыз?

-Кыргыз эл баатыры наамынан азырынча кур жалак калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

-Өкүнбөйм. Эмгегимди, ак кызмат өтөгөнүмдү баалашса, терең ой жүгүртүп таразалашса,  албетте ажатымды ачып коюшу мүмкүн. Мен азыр аларга эч нерсе айта албайм.

-Бахтияр мырза, пенсионерлер кайсы ишканада иштеп пенсияга чыкса, ошондон кийин эле эч кимдин иши болбосо нааразы болуп калбайбы?

-Жок, андай эмес. 100 пенсионерди аябай эле сыйлайбыз. Майрамдарда, жаңы жылда, Нооруз майрамында, Эгемендүүлүк күнүндө сөзсүз эске алабыз. Кур койбойбуз. Ай сайын пенсионерлердин ар бирине 280 сомдон акча беребиз. Көмүрүнө 4500 сомдон төлөйбүз. Кайрымдуулук дайыма көңүлүбүздүн борборунда.

-25 жыл бою чоң ишкананы башкарып келаткан жетекчинин пайгамбар жашы ушул айдын 15-сентябрында белгиленет деген маалымат тарады. Ушул чынбы?

-Мен дүркүрөтүп маареке деле өткөргүм жок. Тиги жагынан деле качпайм. Кеп башкада. Каалагандарымды толук болбосо да жарым жартылай чакырам. Капа болгондордун кабагын маарекеден кийин жаза алам.

-Байкашыма караганда Бактияр мырза, пайгамбарлык куракты белгилейин деген оюңуз бар турбайбы?

– Оюм да, ниетим да бар. Ага чейин убакыт бар да…

                       Автордун көз карашы 

Бахтияр иним бардык эле суроолорго так, таамай жооп берди өңдөнөт. Газетага эмес, өзүмө айткан сөзүн окурмандардын эсине салып койгум келет. 15-сентябрда жогоруда биз мактаган, даңктаган Бахтияр Камчиевич 63 жашка толот. Алтымыштан аластабай өткөн, жетимишке желпинип жөнөй турган, сексенден серпилбей өтө турган, жүз менен жүздөшө турган эл уулу, кыргыз элинин сыймыгы Бахтиярга жараткан жакшылыгын аябасын, ак жолдуу да, ооматтуу да, олжолуу да болсун. Жакшылыктардын жышааны канат жая берсин. Элибизге аманчылык, тынччылык насип этсин!

Темир жолго байланышкан тагдыры,

Туура жолдон адашпаган багыты.

Түз жүргөндү туудай көрүп жашынан,

Тырмактайдан дили менен жактырчу.

 

БАХТИЯР БАКТЫЛУУ ЖЕТЕКЧИБИ?

Сүйүнбай АБДИМЕЖИТОВ, экономист:

-Бахтияр Камчиевичти 21 жылдан бери жакшы билем. Ага чейин такшалган, тажрыйбалуу, иш билги жетекчи катары угуп жүргөнмүн. Көрсө, ошондой экен. Өзүнүн жеке кызыкчылыгы жөнүндө кам көрбөгөндүгүнөн улам жакшы үй-бүлөдө тарбия алгандыгына, жамааттын эртеңине, келечегине астейдил аракеттенгенине ичим жылыды. Ар кандай маселени калыс, адилет чечет. Ошондон улам кадыр-баркы жогорулап келет. Адамгерчилик асыл касиеттерин айтсам сөз узарып кетчүдөй. Жетекчибиз чынында эле бактылуу десем жаңылбайм.

Таалай БАЕТОВ, кадрлар бөлүмүнүн башчысы:

-Башчы болуп эмгектенгениме 18 жылдан ашты. Ушул жылдар аралыгында Бахтияр Камчиевичтен көп нерсени үйрөндүм. Анын бардыгын айтсам өзүнчө жомок болуп кетчүдөй. Эң башкысы жөнөкөйлүгүн, экинчиден “өөнөмөй” адаты жок экендигин баса белгилеп кетким келет. Эртең кел, бүрсүгүнү кел деп, далыдан таптап калп айтпайт. Мага темир жол үчүн жаралгандай сезилет. Балким ошондойдур. Кыскасы, Кыргыз эл баатырына татыктуу. Менимче ушул маселе оң жагынан чечилсе дурус болмок.

Шералы ТУРСУНКУЛОВ, Жалал-Абад темир жол бекетинин жетекчиси:

-Мен темир жол тармагына 2002-жылы келдим. Адегенде диспетчер болуп эмгектендим. 13 жылдан бери бекетти жетектейм. Бул кызматта Бахтияр Камчиевич да 5 жыл эмгектенип жалындуу жаштык курагында эмгекти чексиз сүйгөндүгүн таасын көрсөтүптүр, ак кызмат өтөптүр. Бекетте 40 кызматкер эмгектенет. Бардыгы кесиптерин сүйүшөт, башкарманын жетекчиси Б.Юнусовдун эмгегин баалашат, адамгерчилигин сыйлашат. Орточо 22 000 сомдон айлык акы алышат. Мен болсо 24 000 сом алам. Бул жагынан шүгүрчүлүк.

Кызматкерлердин нормалдуу эмгектениши үчүн ыңгайлуу шарттар бар. Алты жыл мурун курулган эки кабаттуу кеңсенин ар бири компьютештирилген. Бардык кызматкерлер компьютерди иштете алышат.       

 

                   Цифралар жана фактылар

Жалал-Абадга Кара-Суу аркылуу темир жол куруу 1914-жылы башталган. Биринчи поезд 1916-жылы келген. Тунгуч машинист Георгий Сизенцев болгон. Ал 34 жашында темир жолго чыйыр салган, аты тарыхта калган Г.Сизенцевдун эмгегине, каармандыгына ичи чыккандар, анын жасаган иштерин айтып жүргөндөр муундан-муунга уланып келе жатат.

Атактуу жазуучу Ч.Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын башкы каармандары – Эдигей, Каранардай эрки күчтүү каармандыгы да ченемсиз Тургунбай Алимов, Атахужа Султанов, Абдуллажан Мамажанов, Эгемберди Саипов жана башкалар өчпөс из калтырышты.

*  Он жыл бою (1923-1933) Жалал-Абад Темир жол бекетин жетектеген Василий Цевлюхин жөнүндө замандаштарынын айтканы дале болсо архивдик материалдарда сакталуу.

*  Түштүктөгү темир жолу өнүгүп, бир жагынан аксап жаткандыгы тууралуу Жалал-Абад облустук “Большевиктик жол” газетасында байма-бай материалдар жарыяланып турган.

*  Түштүк темир жол башкармалыгында “Ардактуу темир жолчу” наамына эгедер беш кызматкер бар.

*  Түштүк темир жол башкармалыгына караштуу 102 километр темир жол, Жалал-Абадда 3, Ошто 3, Баткенде 1 темир жол бекеттери бар.

*  Көйгөйлөр да аз эмес. Вагондордун көпчүлүгүнүн эскилиги жеткен же керектен чыккан. Бул маселе айтылган менен колдоого ээ болбой келаткандыгы өкүндүрөт.

 

Рысбай ЖУМАБЕКОВ, журналист

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17