Аймак

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕМИЛГЕСИ БОЮНЧА ТООЛУУ  ӨЛКӨЛӨРДҮН  ДОСТОРУ ТОБУ УЮШТУРУЛАТ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ДЕМИЛГЕСИ БОЮНЧА ТООЛУУ  ӨЛКӨЛӨРДҮН  ДОСТОРУ ТОБУ УЮШТУРУЛАТ

 1,076 Бардыгы /

НьЮ-ЙОРК. БУУнун алкагында Нью-Йорк шаарында Кыргыз Республикасынын демилгеси аркасында Тоолуу Өлкөлөрдүн Достор Тобу түзүлдү. Жакында анын биринчи уюштуруучулук жолугушуусу жүрдү. Иш-чарага  БУУга  мүчө-өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын БУУдагы Туруктуу өкүлү Миргүл Молдоисаева Кыргызстандын БУУдагы демилгелерин баса белгиледи.   

Тактап айтканда, 11-декабрь Тоолордун эл аралык күнү деп жарыяланышы жана чың эмес тоолуу экосистемаларды, ошондой эле флора жана фаунанын жашоочуларын сактоо маселелерин колдоого ар кандай эл аралык иш-чараларды өткөрүү. Тоолуу күн тартиби боюнча маселелерди андан ары илгерилетүү максатында, Кыргызстандын БУУдагы Туруктуу өкүлү  Миргүл Молдоисаева тоолуу өлкөлөрдүн достор тобун түзүү жөнүндө жарыялады. Ошондой эле анын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу дагы маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргыз тарабына Тоолуу Өлкөлөрдүн Достору Тобун уюштуруу үчүн терең ыраазычылык билдиришти. Анан дагы мунун ишинин актуалдуу маселелерин жана кызматташтыкты өнүктүрүүүнүн андан аркы багыттарын кенен-чонон талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыктары боюнча Тоолу Өлкөлөр Достор Тобунун курамына төмөнкү Өлкөлөр: Австрия, Азербайжан, Армения, Андорра, Боливия, Бангладеш, Бутан, Грузия, Канада, Непал, Швейцария жана Тажикстан киришти.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17