Аймак

ӨЗБЕКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИНИН ВАЗИЙПАСЫ АЯКТАДЫ

ӨЗБЕКСТАНДЫН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИНИН ВАЗИЙПАСЫ АЯКТАДЫ

 916 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбекстан Республикасынын Кыргызстандагы Элчиси Комил Рашидовду анын дипломатиялык вазийпасынын аяктагандагына байланыштуу кабыл алды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Өзбек мамилелеринин эки тараптуу күн тартибинин актуалдуу маселелерин, мамлекет башчылардын деңгээлинде мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууну кенен-чонон талкуулашты. Жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен Өкмөттөр аралык комиссиянын, эки өлкөнүн Өкмөт башчыларынын төрагалыгы астында чек арага жакын облустардын башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйындарын өткөрүүгө өзүнчө көңүл  бурулду.

Тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагыдостук, жакын кошуналык, өз ара пайдалуу кызматташтык жана стратегиялык өнөктөштүк  негизинде тарыхый түзүлүп калган мамилелерди мындан ары кеңейтүү жана тереңдетүү максатында биргелешип иш жүргүзүүгө бекем ниетин дагы билдиришти.

Кыргыз Министри Чыңгыз Айдарбеков Өзбек Элчиси Комил Рашидовго анын жемиштүү иши жана Кыргыз-Өзбек мамилелерин өнүктүрүүдөгү жеке салымы үчүн терең ыраазычылык билдирди, мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгилик гана каалады. Өз кезегинде Элчи Комил Рашидов Кыргыз министрине анын Кыргызстандагы дипломатиялык кызматынын мезгилинде биргелешкен жемиштүү өз ара аракеттенүү үчүн терең ыраазычылыгын билдирди.

Алишер ТОКСОНБАЕВ,өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17