Аймак

КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛИН АЗАЙТУУ БОЮНЧА БИР АЙЛЫК

КЫРСЫКТАРДЫН ТОБОКЕЛИН АЗАЙТУУ БОЮНЧА БИР АЙЛЫК

 3,301 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД: Бүгүн,  5-сентябрь күнү шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Жалал-Абадда 5-октябрга чейинки кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыктын ачылуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн Жарандык коргонуу бөлүмчөсүнүн башчысы майор Алтынбек Абдуллаев билдирди.

Өткөрүлгөн иш-чарага шаардык ӨКБнүн №20 жана №58 өрткө каршы – куткаруу бөлүктөрүнүн өздүк курамы 2 бирдик АЦ-4-40 жана 1 бирдик авариялык-куткаруу автоунаалары менен  Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлери, мектеп окуучулары, жергиликтүү тургундар жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышышты.

Анда коомчулукка бир айлыктын алкагында өткөрүлүүчү иш-чаралар, өрт өчүрүүчү-куткаруучу кызматынын, милдеттери жана мүмкүнчүлүктөрү айтылды. Бул кызматта болгон техникалар жана андагы ар кандай багыттагы куткаруучу шаймандар жөнүндө маалыматтар жеткирилди. Андан сырткары Улуттук Кызыл Ай коомунун кызматкерлери тарабынан катышуучуларга алгачкы медициналык жардамды көрсөтүү боюнча практикалык ыкмалар көргөзүлдү.

     

Аягында Жалал-Абад шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн тийиштүү кызматкерлери тарабынан жарандардын ар кандай суроолоруна жооп берип, иш-чара жыйынтыкталды.

Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17