Аймак

ЖАЛАЛ-АБАД КОМУЗ КҮНҮН КАНДАЙ БЕЛГИЛЕЙТ?

ЖАЛАЛ-АБАД КОМУЗ КҮНҮН КАНДАЙ БЕЛГИЛЕЙТ?

 2,488 Бардыгы /

7-сентябрда Жалал-Абадда “Комуз күнүн” белгилөө максатында 100 комузчу Эркиндик аянтында комуз чертишет. Бул тууралуу шаардык маданият үйүнүн башчысы Кубанычбек Курманалиев билдирди.

Анын айтымында учурда комузчулар “Маш ботой” күүсүн чертүүгө даярданып жатышат. Андан сырткары 9-сентябрда шаардык деңгээлде комуз күнү белгиленет.

Кошумчалай кетсек, өлкө президентинин “Комуз күнүн” белгилөө жөнүндөгү жарлыгын ишке ашыруу максатында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан өлкөдө 8-9-сентябрь күндөрү бир катар иш-чаралар өтөт.

 

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17