Аймак

ТҮЛЕЕВДИН БАТИРЛЕРИН САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

ТҮЛЕЕВДИН БАТИРЛЕРИН САТУУГА ШЕКТЕЛГЕН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

 1,031 Бардыгы /

Бишкектин мэриясына таандык батирлерди алдамчылык жолу менен сатып жибергени кабарланган муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын мурдагы кызматкери кармалды. Бул тууралуу Бишкек милициясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Баткен облусунда жашырынып жүргөн шектүү Тажикстан чек арасы аркылуу өлкөдөн чыгып, Түркияга кетүүгө камынып жаткан. 7-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) менен милиция кызматкерлери аны Лейлектен, чек арадан өтүүгө аракет жасаган учурунда колго түшүргөн.

Шектүү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөөчүлөр ал жасады деген кылмышта башка кишилердин катыштыгы бар-жогун дагы териштирүүгө киришти.

Буга чейин Бишкек мэриясы өзүнө караштуу муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын кызматкери Эрик Ашыралиев документтерди жасалма түрдө оңдоп, Москва көчөсүндө жайгашкан сегиз батирди сатып жибергенин билдирген. Сөз болуп жаткан батирлер Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевге таандык болгон. Ал “шаарды башкарып турган кезде Кытайдан автобустарды жана таштанды тазалоочу машинелерди сатып келгенде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мамлекетке акчалай зыян келтирген” деп соттолгон.

11 жылга кесилген Түлеев 2016-жылы мамлекет тарткан зыянды төлөп берип, мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулган. Соттун чечими менен анын бир нече мүлкү конфискацияланып, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна өткөрүлгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17