Аймак

НУР-СУЛТАНДА ОНДОЙ КИШИ ӨЗ-ӨЗҮНЧӨ ПИКЕТ ӨТКӨРҮҮДӨ

НУР-СУЛТАНДА ОНДОЙ КИШИ ӨЗ-ӨЗҮНЧӨ ПИКЕТ ӨТКӨРҮҮДӨ

 909 Бардыгы /

Бүгүн, 9-сентябрда Нур-Султанда ар кыл талаптар менен бир катар пикет өтүп жатат.

“Азаттыктын” казак кызматына маек курган пикет катышуучулары сот өкүмүнө жана күч органдарынын аракеттерине каршы экенин билдиришүүдө.

Нааразылык акцияларынын айрым катышуучулары Жогорку соттун төрагасы Жакип Асановдун отставкасын талап кылууда.

Алар кеминде 10 күн бою пикетке чыгышарын, бул тууралуу шаардык администрацияга билдиришкенин айтышты.

Полиция кызматкерлери нааразылык акцияларынын катышуучуларына тоскоол болгон жок. Бирок окуя болуп жаткан жерге акимчиликтин өкүлү келип, алар өткөрүп жаткан иш-чарага уруксат берилбегенин эскертти.

Казакстанда жыл башынан бери саясий, социалдык жана башка өзгөрүүлөрдү талап кылган нааразылык акциялары өтүүдө. Өлкөнү 30 жыл башкарган Нурсултан Назарбаев президенттик кызматтан кетип, анын ордуна Касым-Жомарт Токаев шайлангандан бери элдин каршылык маанайы күчөдү. Көптөгөн жарандар жана бир катар эл аралык байкоочулар мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолду деп эсептешет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17