Аймак

«ТРАМП ТАЛИБДЕР МЕНЕН ТЫНЧТЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮН ТОКТОТКОНУН ЖАРЫЯЛАДЫ

«ТРАМП ТАЛИБДЕР МЕНЕН ТЫНЧТЫК СҮЙЛӨШҮҮЛӨРҮН ТОКТОТКОНУН ЖАРЫЯЛАДЫ

 1,020 Бардыгы /

АКШ президенти Дональд Трамп Ооганстандагы «Талибан» кыймылынын лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү токтотконун жарыялады. Вашингтон Ооганстандагы америкалык аскерлерди чыгаруу жөнүндө келишимге жетишүүгө аракет кылып, талибдер менен дээрлик бир жылдай сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн болчу.

Трамптын билдирүүсү ал 8-сентябрга пландалган талибдердин лидерлери жана Ооганстандын президенти Ашраф Гани менен жолугушуудан баш тарткандан кийин чыкты. Ак үй бул жолугушууда 18 жылдан бери Ооганстанда кызмат өтөп жаткан америкалык аскерлерди чыгарып кетүү боюнча келишимге жетишүүгө үмүттөнүп жаткан. Учурда ал жакта 14 миңдей америкалык аскер бар.

Талибдер Трамптын билдирүүсүнөн кийин дароо өз сайттарында эскертүү жасап, сүйлөшүүлөрдү токтотуу биринчи кезекте Кошмо Штаттарга зыян алып келерин билдирди. АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Кеннет Маккензи Ооганстандагы аскер контингенти талибдердин террордук активдүүлүгүнө каршы ишмердүүлүгүн арттырарын билдирди. Ал соңку айларда кол салуулардын саны өсүп жатканын эске салды. Өткөн жумада Кабулда болгон чабуулдардын биринде америкалык аскер мерт болгон.

Сентябрдын башында жетишилген келишимдин долбоорунда Вашингтон жакынкы айларда аймактан беш миңдей аскерин алып чыгып кетүүгө милдеттенме алган. Ооганстан болсо аскердик базаны Кошмо Штаттар жана анын өнөктөштөрүнө террордук чабуул жасоочу жай катары колдонбоого кепилдик бермек.

Учурда Ооганстандагы аскер контингентинин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Трамп ал жактагы аскерлердин санын 8600 кишиге чейин кыскартууну каалаганын айткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17