Аймак

ТРАМП УЛУТТУК КООПСУЗДУК БОЮНЧА КЕҢЕШЧИСИ ЖОН БОЛТОНДУ КЫЗМАТТАН АЛДЫ

ТРАМП УЛУТТУК КООПСУЗДУК БОЮНЧА КЕҢЕШЧИСИ ЖОН БОЛТОНДУ КЫЗМАТТАН АЛДЫ

 893 Бардыгы /

АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан алды. Бул тууралуу мамлекет башчы өзү «Твиттердеги» баракчасына жазды.

«Кечээ кечинде мен Жон Болтонго Ак үйдө анын кызматы мындан ары бүткөнүн айткам. Мен администрациядагы башка адамдар сыяктуу эле анын көпчүлүк кеп-кеңешине макул болгон жокмун, ошондуктан кызматтан кетүүсүн өтүндүм. Ал мага арызын бүгүн эртең менен берди» – деп жазды Трамп.

Америкалык лидер улуттук коопсуздук боюнча жаңы кеңешчисинин аты-жөнү кийинки жумада жарыялана турганын кошумчалады. Азырынча Болтондун кызматтан алынышынын так себептери белгисиз.

Жон Болтон АКШ президентинин коопсуздук боюнча кеңешчисинин кызматына 2018-жылы мартта дайындалган. Ал жакында эле Чыгыш Европа өлкөлөрүн кыдырып, Украина менен Беларустун президенттери, ошондой эле Польшанын Коопсуздук кеңешинин башчысы менен жолугуп келген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17