Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖМКлар ФОНДУНУН МУРДАГЫ БАШЧЫСЫ СОТТОЛУУДА

ӨЗБЕКСТАНДА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ ЖМКлар ФОНДУНУН МУРДАГЫ БАШЧЫСЫ СОТТОЛУУДА

 1,060 Бардыгы /

Ташкенттин Яшнабад райондук соту Көз карандысыз басылмаларды жана маалымат агенттиктерди колдоо фондунун мурдагы башчысы Саид-Абдулазиз Юсуповдун ишин жабык карай баштады.

Ал Кылмыш кодексинин «Алдамчылык», «Пара берүү» жана «Акча уурдоо» беренелери боюнча айыпталууда.

37 жаштагы Юсупов быйыл 10-майда кармалып, 12-майда Башкы прокуратура ага «Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылганын билдирген.

Ошол эле күнү Юсуповдун агасы Мухаммед Юсупов өлкө президентине видеокайрылуу жолдоп, аны «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына жарыялаган. Анда ал инисине каршы кылмыш иши анын журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу козголгонун айткан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17