Аймак

СОТ «КАЗАТОМПРОМДУН» ЭКС-БАШЧЫСЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА БОШОТУУДАН БАШ ТАРТТЫ

СОТ «КАЗАТОМПРОМДУН» ЭКС-БАШЧЫСЫН МӨӨНӨТҮНӨН МУРДА БОШОТУУДАН БАШ ТАРТТЫ

 975 Бардыгы /

10-сентябрда Чыгыш Казакстан облустук соту «Казатомпром» компаниясынын мурдагы башчысы Мухтар Жакишевдин апелляциялык арызын канааттандырган жок. Июлда Семей шаардык соту аны шарттуу турдө мөөнөтүнөн мурда бошотуудан баш тарткан.

10 жылдан бери абакта жаткан Жакишев сот отурумуна катыштырылган жок. Сотко келген активисттер чечимге нааразылык билдирип, «Боштондук!» жана «Мухтарды өлтүрүп жатышат!» деген ураандарды кыйкырышты. Авдокат Нурлан Бейсекеев соттук коллегиянын курамына ишенбестик көрсөттү.

Жакишевдин апелляциялык арызы каралып жаткан маалда Нур-Султан, Алматы жана Актау шаарларында нааразылык акциялар өттү. Алар Мухтар Жакишевдин жана укук коргоочулар тарабынан саясий туткун деп табылган камактагы башка адамдардын бошотулушун талап кылышты.

24-июлда Семей шаардык соту Жакишевдин мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу өтүнүчүн канааттандырган эмес. Ал 2009-жылы май айында кармалып, коррупция айыбы менен 14 жылга соттолгон. Жергиликтүү укук коргоочулар Жакишев Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин эң башкы саясий душманы эсептелген бозгундагы саясатчы Мухтар Аблязов менен дос болгону үчүн гана камалганын айтып келишет.

2015-жылы БУУнун адам укуктары боюнча комитети Жакишевдин даттануусунун негизинде анын укуктары бузулуп жатканын билдирип, казак бийлигин аны абактан бошотууга чакырган. Расмий Астана Мухтар Жакишевдин ишинде саясий боёк жок экенин билдирип келет.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17