Аймак

БАТКЕНДЕ МЕКТЕПТЕР МЕНЕН БАЛА БАКЧАЛАРДЫН МУКТАЖДЫКТАРЫ АКЫРЫ ЧЕЧИЛЕТ

БАТКЕНДЕ МЕКТЕПТЕР МЕНЕН БАЛА БАКЧАЛАРДЫН МУКТАЖДЫКТАРЫ АКЫРЫ ЧЕЧИЛЕТ

 1,197 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров Лейлек районунун эң алыскы Маргун жана Бешкент айыл аймактарына сапарлады. Өкүл аймактагы бир катар социалдык обьекттердин абалынан кабар алып, жергиликтүү элменен дагы жолугушту.

Аталган аймактарда мектеп, бала бакчалардын имаратын жаңыдан куруу зарылчылыгы бар экени белгилүү болду. Ошону менен катар айыл эли сугат суу, таза суу, жол сыяктуу негизги көйгөйлөрүн ачык айтышты. Мектептер менен бала бакчаларга барган Өкмөт өкүлү айылдагы мугалимдер компьютерди кокутуулардан өтүп жатканына күбө өттү.

Жолугушуу соңунда мектепте компьютер жана китептердин таңкыстыгы абдан катуу айтылды. Ыйгарым укуктуу өкүл бир катар мектептерге жакынкы күндөрү компьютер жана китептерди белек кылаарын айтты. Ошондой эле бала бакчалардын  дагы муктаждыктары жакын арада чечилээрин дагы катуу убадалады.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, Өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17